Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосундагы меморандумга кол коюлду

13-05-2016

2016-жылдын 12-майында Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Иран Ислам Республикасынын Финансылык чалгындоо жана акчаларды адалдоого каршы күрөшүү борборунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.