Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЕАТтын 28-Пленардык жыйынынын жыйынтыктары тууралуу

28-05-2018

2018-жылдын 22-майынан 25-майына чейинки мезгилде Нанкин шаарында (КЭР) ЕАТтын жумушчу топторунун жыйындары жана 28-Пленардык жыйыны болуп өттү. Мамлекеттик органдардын 18 өкүлүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясын ФЧМКнын төрагасы А.Дж. Кадыралиев жетектеди.

Иш-чарага ЕАТка мүчө мамлекеттердин (Беларусия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) делегациялары жана ЕАТта байкоочу мамлекеттердин жана уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ЕАТтын төрайымы тарабынан чакырылган БУУнун Террорчулукка каршы башкармалыгынын жана Аналитикалык колдоо жана 1267 БУУ КК Комитетинин санкцияларына байкоо жүргүзүү боюнча топтун өкүлдөрү катышты. Жыйындын ишин ЕАТтын төрайымы Хао Цзинхуа (Кытай Эл Республикасы) жетектеди.

Пленардык жыйын ЕАТтын өз ара баалоолорунун экинчи раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоонун отчетун жана аткаруу резюмесин бекитти. Кыргыз Республикасы ФАТФтын жаңыланган сунуштамаларына ылайык баалоодон өткөн биринчи ЕАТтын мүчө мамлекети болду. Жыйындын катышуучулары мурунку баалоодон кийин КА/ТКК системасын жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын прогрессин белгилешти. Пленардык жыйын Кыргыз Республикасынын КА/ТКК режимине тиешелүү негизги корутундуларды жана сунушталган чараларды талкуулады.

Пленардык жыйын терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мүчө мамлекеттердин практикалык иши менен байланышкан маселелерди карады жана терроризмге жана аны каржылоого каршы күрөшүү боюнча милдеттердин актуалдуулугун жана артыкчылыктуулугун кайрадан ырастады, ошондой эле «Жоочу-террористтерге билеттерди сатып берүү жолу менен террористтик уюмдарга жардам көрсөтүүчү жактарды айкындоо» аттуу типологиялык отчетту бекитти.

Пленардык жыйын АА/ТК типологияларын изилдөө бөлүгүндө Азиялык-тынч океандык топ (АТТ) менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маанилүү экендигин баса белгиледи. Жыйындын катышуучулары типологиялар боюнча биргелешкен ЕАТ/АТТ семинарынын актуалдуулугун белгилешти (2018-жыл, декабрь, Новосибирск ш., Россия Федерациясы) жана «Кылмыштуу кирешелерден, анын ичинде уюшулган кылмыштуу иштен алынган кирешелердин эсебинен терроризмди каржылоо» аттуу тема боюнча АТТ менен биргелешкен изилдөө жүргүзүү тууралуу сунушту жактырышты.

Пленардык жыйын техникалык көмөк көрсөтүүнү координациялоо маселелерин талкуулады жана техникалык көмөк көрсөтүүнүн донорлорунун/провайдерлеринин регионалдык жолугушуусун өткөрүү идеясын колдоду. ЕАТтын мүчө мамлекеттеринин жана байкоочуларынын пикири боюнча мындай мамиле көрсөтүлүүчү техникалык көмөк көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет жана КА/ТКК улуттук системаларын жакшыртуу бөлүгүндө мүчө мамлекеттердин керектөөлөрүнө ылайык келет.

Пленардык жыйындын алкагында КА/ТКК чөйрөсүндө ЕАТка мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана КА/ТК тобокелдиктерин баалоону жүргүзүү жөнүндө маалымат берилди.

Пленардык жыйын Аналитикалык колдоо жана 1267 БУУ КК Комитетинин санкцияларына байкоо жүргүзүү боюнча топко ЕАТта байкоочу статусун берди.

Жыйындын катышуучулары тарабынан 2017-жылга ЕАТтын отчету жана 2019-жылга ЕАТтын бюджети жактырылды.

ЕАТтын 29-Пленардык жыйыны 2018-жылдын ноябрында Минск шаарында, Беларусь Республикасында өтөт.