Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын жетекчилиги менен ЭВФдин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду

24-09-2018

2018-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын имаратында Кыргыз Республикасына болгон ЭВФдин миссиясынын алкагында ФЧМКнын төрагасы жана кызматчылары менен ЭВФдин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу маселелери, ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн кабыл алына турган мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуунун жүрүшү, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасын өз ара баалоонун жыйынтыгы, аныкталган кемчиликтер жана аларды жоюу үчүн көрүлгөн чаралар талкууланды.

ЭВФдин миссиясы менен иштешүүнүн алкагында бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлү да катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан ары эки тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.