Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Индонезиянын Финансылык операциялар жана талдоо боюнча билдирүүлөр борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандуму

17-10-2018

2018-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Индонезиянын Финансылык операциялар жана талдоо боюнча билдирүүлөр борборунун ортосунда кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Жогоруда аталган Меморандумга Париж шаарында (Француз Республикасы) өткөрүлүүчү жумушчу топторунун жана ФАТФтын Пленардык отурумунунда кол коюлган.