Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

COVID-19

Россия Федерациясындагы КР Элчилиги тизмелерди түзбөйт, кыргызстандыктар түздөн-түз авиакомпаниялардан авиабилеттерди сатып ала алышат КР ТИМ Россия Федерациясындагы Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандардын тизмесин түзүүнү токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Атап айтканда, Москва шаарында КР элчилиги, Санкт-Петербургдагы КР элчилигинин канцеляриясы, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы КР башкы консулдуктары Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн чартердик каттамдарга жарандардын тизмелерин түзбөйт. Ошентип, 2020-жылдын 27-августунда Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган учурда элчиликке кайрылбастан, учакка билеттерди түздөн-түз кассалардан же "Авиатраффик", "Аэрофлот", "Сибирь", "ТезДжет" жана "Урал авиалиния" авиакомпаниялардын расмий сайттарынан онлайн ала алышат. Бүгүнкү күндө, аталган авиакомпаниялардын учактары Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан Бишкек жана Ош шаарларына каттап жатат.

Россия Федерациясынын Оренбург облусунан Мекенге КР жарандары кайтып келди 27-августта Кыргызстанга Россия Федерациясынын Оренбург облусунан Казакстандын аймагы аркылуу биринчи колоннада 29 автобус менен 1715 КР жараны кайтып келди. Учурда 1569 Кыргызстандын жараны экинчи колоннада 25 автобус менен казак-кыргыз чекараларына бет алды, аларды Казакстандын жол полициясы кызматы коштоп келет. Аталган иш-чаралар биздин жарандарды чыгарып кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруу үчүн Кыргызстан жана Казакстандын тышкы саясый ведомстволорунун РФтин Оренбург облусунда жүргөн КР жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү тууралуу макулдашуусунун негизинде ишке ашырылган. ТИМ РФтин аймагында жайгашкан КР жарандарын Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы тарапка анын ачылышына чейин өтпөй турууга чакырат.

27-августан тарта жарандар авиабилеттерди авиакассалардан же авиакомпаниялардын расмий сайттарында аралыктан сатып ала алышат. Маалымат булагы: COVID-19 боюнча КР Штабы