Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы

Канат Кубатович Асангулов
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы
1968-жылдын 27-июлунда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган.
1987-1989-жылдары Совет Армиясынын катарында кызмат кылган.
Жогорку билимдүү.
1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1985-1986-жылдары — СССР илимдер академиясынын космос мейкиндигин изилдөө институтунун атайын конструктордук бюросунун слесарь шакирти, 2-разряддагы слесарь;
1992-1993-жылдары - жеке ишканада башкы бухгалтер, директор;
1993-1996-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жетектөөчү адиси, башкы адиси, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчысы;
1996 - 2002-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
2002-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкы башкармалыгынын начальниги, Бюджет департаментинин директору;
2005-2008-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
2008-2009-жылдары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
2009-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча борбордук агенттигинин бюджеттик кызматынын жетекчиси;
2010-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин кеңешчиси;
2010-2019-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги;
2019-2020-жылдары - Азия өнүктүрүү банкынын финансы сектору боюнча улуттук эксперти;
2020-2021-жылдары - Дүйнөлүк банктын бюджет боюнча жергиликтүү консультанты;
2020-2023-жылдары - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин кеңешчиси (коомдук негизде).
2023-жылдын 25-февралынан баштап - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
Финансы - экономикалык иштин отличниги