Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо менен күрөшүүнүн башталышынын объективдүү өбөлгөлөрү
Кылмыш ишинен алынган кирешелерди легализациялоо менен күрөшүүнүн дүйнөлүк тенденциясы өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында чыныгы жүзүн таба баштады. Антсе да, кээ бир өлкөлөрдө мындай каршы аракеттенүү зарылдыгы бир кыйла мурда эле пайда болгон. Маселен, АКШда Улуу депрессия мезгилиндеги гангстердик топтордун, мафиоздук кландардын спирттик ичимдиктер контрабандасынан, көмүскө оюн-зоок бизнесинен, куралчан талап-тоноолордон жана рэкетчилик кылуудан алынган оңбогондой кирешелери өткөн кылымдын 40-жылдарында эле адал мээнеттен жаралган менчик банктар, ресторандар, казинолор, курулуш, “кара алтынды” кайра иштетүүчү компаниялар ж.б. фирмалар түрүндө коңулдан чыга башташкан. Ал эми адалдоо иши миллиондогон накталай акчаларды айлантууга жол чаап берген менчик кир жуучу жайларды түзүүдөн башталган. Азыркы биз колдонуп жүргөн “акчаларды адалдоо” деген туруктуу терминдин башаты дал ушул “кир жуучу” операцияларга барып такалат.
XX кылымдын 80-жылдарынын ортосунда акчаларды адалдоо менен күрөшүүнүн заманбап стратегиясына болгон муктаждык кеңирээк эл аралык таанылууга ээ болду. Бул тенденциянын өнүгүү башаты 1988-жылдагы Баңгизат каражаттарын жана психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндөгү БУУнун конвенциясынын алкагындагы сүйлөшүүлөр болуп саналат. Алардын кылмыштуу ишинен кирешенин кылмыштуу элементтерин алып коюу, барган сайын баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга каршы кийинчирек кылмыштын башка түрлөрү менен да күрөшүүнүн маанилүү куралы катары каралып келет. Бул чөйрөдөгү прогресс уюшулган кылмыштуулукка, коррупцияга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүдө жана финансылык рыноктордун бүтүндүгүн кармап турууда чечүүчү болуп келет.
Акчаларды адалдоого каршы аракеттенүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн салттуу ыкмаларысыз болбостугун айдан ачык көрсөттү. Биринчиден, укук коргоо органдарынын тийиштүү финансылык маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүктөрү өтө эле чектелген, экинчиден, салттуу укук коргоо түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин финансы чөйрөсүндө керектүү болгон иш тажрыйбасы жоктугу, акчаларды адалдоонун айлакерлик схемасынан алыстыгы. Бул сыяктуу стратегияны ишке ашырууда финансылык түзүмдөрдө жетиштүү иш тажрыйбасы бар жана финансылык системада билими бар адамдардан турган атайын бөлүмдөрдү түзүүнү жана аларды муну менен күрөшүүгө ишке тартууну талап кылат.
Финансылык чалгындоо бөлүмдөрү
Биринчи финансылык чалгындоо бөлүмдөрү (ФЧБ) өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында түзүлгөн. Акыркы он беш жыл ичинде ФЧБнын саны кескин жогорулады, 2007-жылы Эгмонт тобу (ФЧБнын расмий эмес эл аралык ассоциациясы) мындай бөлүмдөр дүйнөнүн 106 мамлекетинде бар экендигин эсептеп чыкты. 2003-жылы Акчаларды адалдоо менен күрөшүүнүн финансылык чаралары боюнча максаттуу топ (ФАТФ) акчаларды адалдоого каршы аракеттенүүнү уюштурууга багытталган, алардын арасында ФЧБны түзүү жана иштетүү боюнча тикелей сунуштамалар камтылган 40 сунуштама кабыл алды. Эл аралык Валюталык Фонд жана Дүйнөлүк банк жана ошондой эле бир катар мамлекеттер алардын мүчөлөрү, башка өлкөлөргө ФЧБны түзүү жана бекемдөө жаатында техникалык жардам көрсөтүп келишет.
Убакыттын өтүшү менен ФЧБнын маселелери жана милдеттери эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына ылайык кеңейүүдө. Акчаларды адалдоого каршы аракеттенүү жана ушул биринчи кылмыштар менен байланышкандардын тамырына балта чабуудан тышкары бүгүнкү күндө алар терроризмди каржылоого каршы күрөшүү маселелерин да өздөрүнө камтыйт. Терроризмди каржылоого тийиштүү маалымат, башка финансылык кылмыштарга тийиштүү маалыматтардан, ушул сыяктуу маалыматтарды талдоонун атайын ыкмалары жөнүндөгү жана ФЧБнын кызматкерлеринин тийиштүү даярдыгы тууралуу маселелерди жараткан көп жагынан айырмаланат. Маалымат берүүчү жана финансылык мониторинг жүргүзүү бөлүмдөрү менен кызматташкан субъектилердин алкагы да аларга казинодо иштеген адамдар, компанияны тейлөөчү адамдар, юристтер жана бухгалтерлер сыяктуу финансылык эмес кесиптин өкүлдөрүнүн кириши менен кеңейүүдө. Жыйынтыгында алынган билдирүүлөрдүн мүнөзү ар түрдүү болуп барат, бул дагы бир жолу талдоонун ыкмалары жана адистерди даярдоо жөнүндөгү маселелерди кароого көңүл бурат.
Жалпы жонунан, ФЧБ финансылык мекемелерден, башка түзүмдөрдөн жана жеке жактардан шектүү операциялар жөнүндө билдирүүнү алуучу, алынган маалыматты талдоочу жана ушул билдирүүлөрдүн негизинде даярдалган материалдарды акчаларды адалдоого каршы күрөшүү максатында тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жана чет элдик ФЧБга өткөрүп берүүчү орган болуп эсептелинет.
Евразиялык аймактык топ (ЕАГ)
2003-жылдын октябрында ФАТФтын Пленардык жыйынында, Россия ФАТФ сыяктуу, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык аймактык топту (ЕАГ) түзүү демилгесин көтөрүп чыкты.
Катышуучу мамлекеттердин ЕАГды түзүү жөнүндө чечими 2004-жылдын октябрында Москвада болуп өткөн Уюмдаштыруучу конференцияда кабыл алынды. Бул топтун курамына Россиядан тышкары, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Тажикстан кирди. Азыркы учурда 20 чет мамлекет жана эл аралык уюмдар ЕАГдын байкоочулары болуп саналат.
Евразиялык топтун негизги максаты – кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук тутумунун калыптанышына көмөктөшүү, аларды эл аралык стандарттарга дал келтирүү, маалыматтарды эл аралык алмашуунун эсебинен бул тутумдардын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы
Кыргыз Республикасында ФЧБны түзүү зарылдыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык аймактык топко (ЕАГ) мүчө болуп киргендиги менен бирге келип чыкты. ЕАГдын чечимдерин ишке ашыруу, бул уюмдун Пленардык жыйындарында каралган жана коюлган тапшырмаларды орундатуу, Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ишти түздөн-түз жүзөгө ашырган жана координациялаган атайын ыйгарым укуктуу органды түзүүнү талап кылды.
Кыргыз Республикасындагы Финансылык чалгындоо кызматы өзүнүн тарыхын эсептөөнү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-сентябрындагы № 352 «Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы - Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө» Жарлыгына кол коюлган күндөн баштайт.
2005-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин № 596 Жарлыгы менен бир эле убакта КР Финансы министрлигинин орун басарынын кызматын ээлеген Калимбетова Тажикан Борбугуловнаны Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасынын милдеттерин аткаруучу кылып дайындады.
2006-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти № 645 «Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагалыгына Садыров Максатбек Ажымалиевичти дайындоо жөнүндө» Жарлыгына кол койду. Буга чейин М.А. Садыров КР ФЧКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматын өтөп келген.
КР Финансылык чалгындоо кызматынын ишинин негизги максаты – бул терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди “адалдоого” каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу, жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасынын бүтүндүгүн, туруктуулугун коргоону камсыздоо. КР Финансылык чалгындоо кызматы укук коргоо же сот органдарынын тутумуна тиешеси жок эл аралык практикадагы апробацияланган мисал - администрациялык типтеги ФЧБ. Ошондой болсо да стандарттык көз караш мамлекеттик органдар тутумунда Финансылык чалгындоо кызматынын ордун жана ролун түшүнүүдө көпчүлүк учурда жаңылыштыкка алып келет. ФЧБны кээде жаңылыштык менен укук коргоо же контролдоочу органдардын катарына кошуп коюшат, оперативдик жана тергөө функцияларын аткарат деп эсептешет, чындыгында мунун баары Финансылык чалгындоо кызматынын ишине эч тиешеси жок. Бул кызматтын иштөө процессиндеги катуу тартиптеги жашыруундуулугуна байланыштуу ыйгарым укуктуу органдын спецификасынын чыгымдары болсо керек.
Түзүлүп отуруп, Финансылык чалгындоо кызматы, мамлекеттик орган катары калыптануунун керектүү болгон бардык этаптарын басып өттү жана тийиштүү органдардын түзүлүшүнүн бардык формалдык шарттарын башынан өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматын түзүү жана ишин уюштуруу менен байланышкан негизги окуялардын жана негизги чечимдерин кабыл алуунун хронологиясы төмөнкүдөй:
Кызматтын ишинин башталышынан тартып кабыл алынган «Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү» мыйзамынын жана ФЧБ жөнүндө жобонун алкагында төмөнкүлөр ортосунда өз ара кызматташуу жана маалыматтарды берүү жөнүндө ведомстволор аралык макулдашууларга жетишти жана кол коюлду:
2007-жылдын сентябрында «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн улуттук тутуму» методикалык сунуштамалар жыйнагы чыгарылган. Жыйнактын ичинде финансылык укук бузуучулар менен күрөшүүнүн укуктук негиздери, адистердин түшүндүрмөлөрү, ТК/КАК жаатындагы инструкциялык жана методологиялык база бар. Акчаларды адалдоо жаатындагы финансылык иш-чаралар боюнча максаттуу топ (ФАТФ), Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ (ЕАГ) жана башкалар сыяктуу эл аралык уюмдардын эксперттери тарабынан табылган легалсыз кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо боюнча схемалардын кыйла типтүү мисалдары да бул басылмага киргизилген. Бул жерден дагы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн финансылык чалгындоо органдары жана башка контролдоо жана укук коргоо органдары тарабынан табылган кылмыш схемаларынын типтүү мисалдарын да тапсак болот.
Жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу
таламдарын коргоону камсыздоо, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен
алынган кирешелерди «адалдоого» каршы күрөшүүнү күчөтүү, финансылык тутумдун
стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыздоо максатында 2006-жылдын 31-июлунда
Кыргыз Республикасында «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» (ТК/КАК)
Мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам 2006-жылдын 8-ноябрында күчүнө кирген.
Ушул
укуктук актыны кабыл алуу биринчи кезекте Кыргызстан өзүнө алган эл аралык
милдеттерин аткарууга, ФАТФтын сунуштамаларында каралган терроризмди каржылоого
жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүүдө
жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарды жетекчиликке алууга түрткү берди.
Ушул
ТК/КАК жөнүндө Мыйзамдын 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аны ишке ашыруу жана
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам чыгаруу актыларын ушул мыйзамга дал
келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан (Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-январындагы токтому менен) Финансылык чалгындоо
кызматы тарабынан 11 мыйзам долбоору демилгеленди.
Ушул мыйзам долбоорлорунун иштелип чыгышы Кыргызстанда терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүүнүн улуттук тутумунун калыптануусунун баштапкы этабы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын шайкештөө процессинин башталышы, аны ТК/КАК жөнүндө Мыйзамдын ченемдери менен жана ушул жааттагы укуктун эл аралык стандарттарынын талабы менен дал келтирүүсү болду.
Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан 2008-жылдын 12-сентябрында кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын Президентине кароого жиберилди. Кыргыз Республикасынын Президенти 2008-жылдын 17-октябрында төмөнкүлөргө кол койду:
Мамлекеттин финансылык тутумунун стабилдүүлүгү, экономиканын өнүгүү фактору, саясий жана социалдык туруктуулукту сактоо сыяктуу мамлекеттин түзүлүшүндө чечүүчү мааниге ээ. Дүйнөлүк бирикмени түзүү практикасында ушул фактор негизги ролду ойногон жана тиги же бу мамлекеттин өнүгүүсүндө негизги ролду ойногонду улантып келе жаткан мисалдар бар. Ошол эле убакта, финансылык тутумдун стабилдүү эместиги мамлекеттеги бардык экономикалык реформаларды жокко чыгарган учурлар да кездешет. Азыркы дүйнөдө финансылык тутумду туруксуздоонун көптөгөн потенциалдуу жана да апробация кылынган ыкмалары кездешет. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы ушу сыяктуу коркунучтарга каршы аракеттенүүнүн дүйнөлүк тутумунун бөлүгү, Кыргызстандагы кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоо аракеттерине каршы күрөшүүгө жооптуу миссия жүктөлгөн ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы 2006-жылдын 8-ноябрынан тартып күчүнө кирди, ушул күндөн баштап КР ФЧКнын иши укуктук негизге, жаңы түрткүгө жана маңызга ээ болду.
Катар, Доха шаарында 2009-жылдын 24-майынан 26-майына чейин болуп өткөн Эгмонт тобунун 17-Пленардык жыйынынын ишинин жүрүшүндө, анын катышуучулары Эгмонт тобуна кирүүгө КР ФЧБнын өтүнмөсүн карап чыгышты. ТК/КАК жаатында укуктук базаны жеткиликтүү өздөштүргөнү боюнча Кыргызстандын жасаган аракеттерин жана биздин өлкө тарабынан топко кирүү үчүн аткарылган шарттарды талкуулашып, уюмдун мүчөлөрү КР ФЧКны Эгмонт тобунун толук укуктуу мүчөсү катары кабыл алууну бир добуштан чечишти.
Мамлекеттик башкаруу реформасынын алкагында, КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы Жарлыгы менен Финансылык чалгындоо кызматы Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз отчёт берүүчү жана баш ийүүчү орган катары аныкталуу менен Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына айланды.
КР Президентинин 2010-жылдын 5-октябрындагы Жарлыгы менен Шакирова Гульмира Абидиновна Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Эгер 2010-жылга чейин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы мамлекеттик башкаруу тутумунун органы катары көбүнчө калыптануу режиминде болуп келсе, ал эми 2011-жылдан баштап, анын иши ага коюлган тапшырмаларды толугу менен чечүү мүнөзүнө ээ болду. Дал ушул мезгилде ыйгарым укукту органдын ишинде чыныгы натыйжалар пайда болду, ишмердиги финансылык бузууларга каршы аракеттенүүгө, мамлекеттик каражаттарды уурдоого каршы күрөшүүгө, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүгө багытталган, органдар жана ведомстволор менен кайра байланыш жөнгө салынды. Ведомстволор аралык кызматташуу жаңы принциптерде түзүлдү жана сапаттуу жаңы негизде. Эгер мурун укук коргоо органдары көпчүлүк учурда маалыматтык база катары финансылык кызматты колдонуп келишкен болсо, ал эми азыр болсо бул кайра байланыш маанилүү ролду ойногон өнөктүк өз ара мамиле. Демек, ФЧМКнын аналитиктеринин иши ушу тапта максаттуу багытка ээ жана укук коргоо органдары тарабынан талаптуулук менен тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында гана колдонулушу мүмкүн. 2011-жылдын көрсөткүчтөрү жасалган иштердин натыйжалуулугу тууралуу далилдейт.
Позитивдүү саясий реформалар, Кыргызстандын башкаруунун парламенттик формасына өтүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы макамына ээ болгон ФЧМКнын макамына да таасирин тийгизди.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 20-январындагы буйругу менен Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 10-январындагы буйругу менен Кадыралиев Айбек Джумабаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 6-июлундагы буйругу менен Анарбаев Гуламжан Сатыбалдиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.