Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЕАЭБ

Евразия экономикалык бирлиги (Бирлик, ЕАЭБ) эл аралык укук субъекттүүлүгүнө ээ болгон региондук экономикалык интеграциянын эл аралык уюму болуп саналат (2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишими).

ЕАЭБдин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • калкынын жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатуу кызыкчылыгында мүчө мамлекеттердин экономикасын стабилдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
  • Бирликтин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүүгө умтулуу;
  • ар тараптуу модернизациялоо, кооперациялоо жана глобалдуу экономика шартында улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.
  • Жогорку Евразия экономикалык кеңеши;
  • Евразия өкмөттөр аралык кеңеши;
  • Евразия экономикалык комиссиясы;
  • Евразия экономикалык бирлигинин соту.

ЕАЭБдин органдары болуп төмөнкүлөр саналат:

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер:

  • Армения Республикасы (2015-жылдын 2-январынан тартып)
  • Беларусь Республикасы (2015-жылдын 1-январынан тартып)
  • Казахстан Республикасы (2015-жылдын 1-январынан тартып)
  • Кыргыз Республикасы (2015-жылдын 12-августунан тартып)
  • Россия Федерациясы (2015-жылдын 1-январынан тартып)

Евразия экономикалык комиссиясы (Комиссия, ЕЭК) Евразия экономикалык комиссиясы жөнүндө Жобосуна ылайык (ЕАЭБ жөнүндө Келишимдин № 1 Тиркемеси) ЕАЭБдин туруктуу иштөөчү жөнгө салуучу органы болуп саналат. Бирликтин иштөө жана өнүгүү шарттарын камсыз кылуу, ошондой эле Бирликтин алкагында экономикалык интеграция чөйрөсүндөгү сунуштарды иштеп чыгуу ЕЭКтин негизги милдеттери болуп саналат.

Азыркы учурда ЕЭКтин түзүмүндө 25 департамент иштейт, алардын алдында ЕЭКтин Коллегиясы үчүн сунуштарды иштеп чыгуу жана мамлететтик бийликтин улуттук органдарынын өкүлдөрү менен кеңешүүлөрду өткөрүү масатында 20 ашык консультативдик комитеттер түзүлгөн. (http://www.eurasiancommission.org/ru/Pages/consultative.aspx) Коллегиянын мүчөлөрү (министрлер) өздөрүнүн ишмердик багыттарына ылайык комитеттердин төрагалары болуп саналат.

ЕЭКтин Кеӊеши Бирликтеги интеграциялык процесстерди жалпы жөнгө салууну, ошондой эле Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылууну жүзөгө ашырат. ЕЭКтин Кеӊешине өкмөт башчысынын орун басары болуп саналган жана ага өз мамлекетинин мыйзамдарына ылайык зарыл ыйгарым укуктар берилген ар бир мүчө мамлекеттен бирден өкүл кирет. ЕЭКтин Кеӊешинин отурумдары, эреже катары, айына бир жолу өтөт.

ЕЭКтин Коллегиясы Бирлик алкагында мындан аркы интеграция чөйрөсүндө сунуштарды иштеп жыгууну жүзөгө ашыруучуКомиссиянын аткаруучу органы болуп саналат. ЕЭКтин Коллегиясы 10 мүчөдөн турат (ар бир Тараптан 2 мүчөдөн), анын бири ЕЭКтин Коллегиясынын төрагасы болуп саналат.

ЕЭКтин Коллегиясынын мүчөлөрү жана төрагасы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги чечими менен ыйгарым укуктарын мүмкүн болгон узартуу менен 4 жылдык мөөнөткө дайындалат. ЕЭКтин Коллегиясы добуш берүү менен чечим кабыл алат. Коллегиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. ЕЭКтин Коллегиясынын отурумдары жумасына бир жолу өтөт.

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ишмердик багыты ЕЭКтин Каржы саясаты департаментинин төлөмдөр жана Бюджеттик саясат чөйрөсүндө координациялоо бөлүмүнүн компетенциясына кирет.

http://www.eurasiancommission.org/ru/act/finpol/dofp/Pages/protivodeistvie.aspx

ЕЭК Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразия тобу (ЕАГ) менен кызматташтыкты ишке ашырат. ЕЭК ЕАГга байкоочунун статусун 2016-ж. июнунда ЕАГнын 24-го Пленардык отурумунун чечими менен алды.

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразия тобу (ЕАГ) – ФАТФ тиби боюнча региондук топ ЕАГга тогуз өлкө кирет: Беларусь, Индия, Казахстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Таджикистан, Туркменистан жана Узбекистан. ЕАГ ФАТФтын ассоциацияланган мүчөсү болуп саналат. ЕАГда байкоочулардын статусу 15 мамлекетке жана 23 эл аралык жана региондук уюмдарга берилген (анын ичинде Армения Республикасына жана ЕЭКке).

ЕАЭБдин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укуктук актылары төмөнкүлөрдү камтыйт:

Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин алып өтүүдө кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракетенүү чөйрөсүндө маалымат алмашуу жөнүндө Макулдашуусу боюнча тараптар ушул макулдашууга кол коюу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорун аяктады. 2020-жылдын октябрь-ноябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин Башчыларына кол коюуга киргизүү пландаштырылууда. Макулдашуунун долбоору Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин алып өтүүдө кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө 2011-жылдын 19-декабрындагы Келишимдин жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана жүргүнчү бажылык декларациясында билдирилген накталай акча каражаттары жана (же) акча инструменттери жөнүндө өз ара маалыматтарды берүүнүн негизиндеги ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнү карайт.

“Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин алып өтүүдө кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө 2011-жылдын 19-декабрындагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколу боюнча тараптар ички мамлекеттик жол-жоболорун аяктады.

Булактар:

ЕАЭБдин расмий сайты http://www.eaeunion.org/

ЕЭКтин расмий сайты http://www.eurasiancommission.org/

ЕАЭБдин укуктук порталыhttps://docs.eaeunion.org/ru-ru

ЕАЭБдин укугу. Ченемдик-укуктук актыларынын актуалдуу редакциялары http://pravo.eaeunion.org/SESSION/PILOT/main.htm