Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Эл аралык кыматташтык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – ФЧМК) эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 130 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жобого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жүзөгө ашырат.

I. Көп тараптуу эл аралык кызматташуу

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 382-б буйругуна ылайык, ФЧМК «Эгмонт» тобунун мүчөсү болуп саналат. «Эгмонт» тобу - дүйнө жүзүнүн финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн (ФЧБ) эл аралык бирикмеси. «Эгмонт» тобунун максаты – кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү максатында дүйнө жүзүндөгү ФЧБлар ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу үчүн аянтчаны камсыздоо.

Эгмонт тобунун расмий сайты: http://www.egmontgroup.org

2. 2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган 2012-жылдын 15-июнундагы № 83 «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ жөнүндөгү макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасы Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАГ) мүчөсү болуп саналат.

ЕАГ - ФАТФ (FATF) тибиндеги регионалдык топ. ЕАГдын курамына тогуз мамлекет кирет: Беларусия, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан. ЕАГ ФАТФтын эркин мүчөсү болуп саналат. ЕАГдын иши ЕАГга мүчө мамлекеттерге ФАТФтын стандарттарына туура келүүчү, кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн (КА/ТКК) талаптагыдай укуктук жана институционалдык негиздерин түзүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Бул иштин алкагында ЕАГ ФАТФтын методологиясынын негизинде ЕАГга мүчө мамлекеттердин КА/ТКК улуттук тутумун өз ара баалоону жүргүзөт, кылмыштуу кирешелерди адалдоо типологияларын изилдейт жана ЕАГга мүчө мамлекеттерге техникалык жардам көрсөтүү программасын, кадрларды окутууну кошуп ишке ашырат.

ФЧМК аталган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынан компетенттүү орган болуп саналат жана ЕАГдын ишине катышат.

ЕАГдын расмий сайты: http://www.eurasiangroup.org/ru/

3. ФЧМК 2011-жылдан баштап ЕАГ делегациясынын курамында ФАТФ – акчаларды адалдоо менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу топтун (англ. Financial Action Task Force on Money Laundering - FATF) ишине катышат.

ФАТФ кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (КА/ТКК) чөйрөсүндө эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу менен алектенет, ошондой эле КА/ТКК улуттук тутумдардын бул стандарттарга туура келүүсүн баалоону жүзөгө ашырат. Өзүнүн мандатын ишке ашырууда ФАТФтын эң башкы куралы болуп кылмыштуу кирешелерди адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттар болуп саналган 40 сунуштамасы саналат.

ФАТФтын расмий сайты: http://www.fatf-gafi.org

4. Ашхабад шаарында 2012-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-апрелиндеги № 162 токтому менен бекитилген, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга ылайык, ФЧМК Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин мүчөсү болуп саналат жана анын ишине катышат.

II. Эки тараптуу эл аралык кызматташуу

ФЧМК тиешелүү ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин негизинде, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен эки тараптуу негизде иштешет.

Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин тизмегин ачып кароо.

III. Эл аралык уюмдар менен кызматташуу

ФЧМК кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук тутумун жакшыртуу чөйрөсүндө укуктук, уюштуруучулук, финансылык, техникалык жана башка маселелер боюнча ЕККУ, ЭВФ, БУУ БКБ, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык уюмдар менен өз ара тыгыз иштешет.