Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Коррупцияга каршы иш-чаралар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ФЧМК) коррупцияга каршы күрөшүү иш-чараларын белгилөө максатында "Коррупцияга каршы иш-чаралар" ушул бөлүмү түзүлгөн.

ФЧМКнын кызматкерлери тарабынан коррупциялык укук бузууларды жасоо боюнча кайрылууларды жарандар төмөнкү байланыш каналдары аркылуу жөнөтө алышат:

- ишеним телефону (0 312) 32-54-14, ФЧМКдагы коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер Аят Эсенаманович Кирбашев;

- электрондук почта: [email protected], [email protected];

Мындан тышкары, жарандардын кайрылуулары ФЧМКнын коомдук кабылдамасында жана www.kattar.kg электрондук порталы аркылуу кабыл алынат.

Жарандардын баардык кайрылуулары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өз убагында каралат жана (же) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына кароо жана чечим кабыл алуу үчүн жиберилет. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 474 "2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы бекитүү жөнүндө" токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 1 чечимин ишке ашыруу максатында ФЧМК төмөнкү буйруктарды кабыл алган:

1) 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 53/ө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйрук (жүктөө);

2) 2019-жылдын 2-октябрындагы № 56/ө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын коомдук кабылдамасы жөнүндө" буйрук (жүктөө);

3) 2019-жылдын 9-октябрындагы № 58/ө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2019-2021-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" буйрук (жүктөө);

4) 2019-жылдын 2-декабрындагы № /ө "ФЧМКдагы коррупциялык тобокелдиктеринин жана коррупцияга байланыштуу кызматтардын тизмесин бекитүү жөнүндө" буйрук (жүктөө).