Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Ведомстволор аралык эл аралык келишимдердин тизмеги

Чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрү жана эл аралык уюмдары менен Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын түзгөн Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык эл аралык келишимдери

2006-жыл:

1. Москва шаарында 2006-жылдын 13-декабрында кол коюлган Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын жана Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин Финансылык мониторинг департаментинин ортосундагы Макулдашуу.

2007-жыл:

2. Сочи шаарында 2007-жылдын 14-июнунда кол коюлган Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын жана Украинанын Финансылык мониторинг боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

3. Санья шаарында 2007-жылдын 13-декабрында кол коюлган Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди финансылоого каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүгө талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча борборунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

2008-жыл:

4. Санья шаарында 2008-жылдын 22-январында кол коюлган Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди финансылоого каршы аракеттенүү жагында Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы менен Афганистан Ислам Республикасынын финансылык операциялар жана отчетторду талдоо боюнча Борборунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

5. Таллин шаарында 2008-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы менен Эстония Республикасынын Борбордук криминалдык полициясына караштуу Финансылык чалгындоо бюросунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум.

2009-жыл:

6. Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Терроризмди финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы туруу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы менен Молдова Республикасынын Экономикалык Кылмыштарга жана Коррупцияга каршы Күрөшүү боюнча Борбордун ортосундагы Макулдашуу.

2010-жыл:

7. Бишкек шаарында 2010-жылдын 20-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Польша Республикасынын Финансылык маалымат боюнча башкы инспекциясынын ортосунда терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жолдор менен алынган кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагындагы кызматташтык жөнүндө Меморандум.

8. Москва шаарында 2010-жылдын 6-августунда кол коюлган Росфинмониторинг, ФМЭОМБ жана Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы ортосундагы Кыргыз Республикасынын КА/ТКК улуттук тутуму үчүн кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

9. Москва шаарында 2010-жылдын 14-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Тажикстан Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы Финансылык мониторинг департаментинин ортосундагы терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

2012-жыл:

10. Москва шаарында 2012-жылдын 24-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Салык, валюта кылмыштары жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого карата күрөшүү боюнча департаментинин ортосундагы Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

11. Нью-Дели шаарында 2012-жылдын 8-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү

кызматташтык тууралуу макулдашуу.

2014-жыл:

12. (Бишкек-Базель) 2014-жылдын 15-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Базель башкаруу институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

13. Будапешт шаарында 2014-жылдын 18-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттигинин башкы директорунун алдындагы (NCA) Великобританиянын финансылык чалгындоо бөлүмүнүн (UKFIU) ортосундагы кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу тууралуу меморандум.

14. Будапешт шаарында 2014-жылдын 19-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Армения Республикасынын Борбордук банкынын Финансылык мониторинг борборунун ортосундагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

15. Бишкек шаарында 2014-жылдын 15-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Бишкек шаарында жайгашкан Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун борборунун (ЕККУ) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандум.

16. Ашхабад шаарында 2014-жылдын 11-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркмөнстандын Финансы министрлигинин ортосундагы Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу макулдашуу.

2015-жыл:

17. Берлин шаарында 2015-жылдын 27-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Турция Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кылмыштарды тергөө боюнча кызматынын ортосундагы кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу макулдашуу.

18. Берлин шаарында 2015-жылдын 28-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Россия Федерациясынын финансылык мониторингдөө боюнча федералдык кызматынын ортосундагы кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишмердикти каржылоого аршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу.

29. Макао атайын административдик районунда (Кытай Эл Республикасы) 2017-жылдын 4-июлунда кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Монако Княздыгынын Маалымат жана финансылык агымдарды контролдоо кызматынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.