Тизмени, маалымдаманы, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү жөнүндө
“Кылмыштуу иштен түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 “Кылмыштуу иштен түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөр1-тиркемеге ылайык;
2) Милдеттүү контролдоого алынуучу операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмеси жана операциялардын (бүтүмдөрдүн) коддорунун маалымдамасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин (белгилеринин) тизмеси 3-тиркемеге ылайык;
4) Тоңдурулган каражаттар/операциялар жөнүндө маалымат берүү формасын толтуруунун тартиби жөнүндө нускама 4-тиркемеге ылайык;
5) Тоңдуруудан чыгарылган каражаттар/операциялар жөнүндө маалымат берүү формасын толтуруунун тартиби жөнүндө нускама 5-тиркемеге ылайык;
6) Операцияны жүргүзүүгө аракет жасалгандыгы жөнүндө маалымат берүү формасын толтуруунун тартиби жөнүндө нускама 6-тиркемеге ылайык;
7) Тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө маалымат берүү формасын толтуруунун тартиби жөнүндө нускама 7-тиркемеге ылайык;
8) Операциянын (бүтүмдүн) шектүүлүгү жөнүндө билдирүүнүн формасы 8-тиркемеге ылайык;
9) 1-форманы толтуруунун тартиби жөнүндө нускама 9-тиркемеге ылайык;
10) Электрондук суроо-талаптын формасын толтуруу боюнча нускама 10-тиркемеге ылайык;
11) Маалыматтарды жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талаптын типтүү формасы 11-тиркемеге ылайык;
12) Маалыматтарды берүүчү жактардын түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасы 12-тиркемеге ылайык;
13) Операциялардын (бүтүмдөрдүн) катышуучуларынын түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасы 13-тиркемеге ылайык;
14) Инсандыгын күбөлөндүргөн же чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында болуу (жашоо) укугун ырастаган документтердин түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасы 14-тиркемеге ылайык;
15) Мамлекеттердин жана аймактардын коддорунун маалымдамасы 15-тиркемеге ылайык;
16) Валюталардын коддорунун маалымдамасы 16-тиркемеге ылайык;
17) Транслитерациянын маалымдамасы 17-тиркемеге ылайык;
18) ФЧМКга операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү берүү үчүн типтүү формасы18-тиркемеге ылайык;
19) Операция (бүтүм) жөнүндө электрондук билдирүүнү документ (ЭБД) түрүндө кабыл алуу же кабыл албоо жөнүндө квитанциянын типтүү формасы 19-тиркемеге ылайык;
20) Уюмдук-укуктук формалардын түрлөрүнүн жана коддорунун маалымдамасы 20-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2017-жылдын 23-январындагы № 1/нпа Кыргыз Республикасынын ФЧМК “Тизмелерди, маалымдамаларды, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү жөнүндө” буйругу;
2) 2018-жылдын 6-декабрындагы № 133/п Кыргыз Республикасынын ФЧМК “Типтүү формаларды бекитүү жөнүндө” буйругу;
3) 2021-жылдын 31-декабрындагы № 74/о/п Кыргыз Республикасынын ФЧМК “Типтүү формаларды бекитүү жөнүндө” буйругу;
4) 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 79/о/п Кыргыз Республикасынын ФЧМК “Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо боюнча Методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө” буйругу;
5) 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 80/о/п Кыргыз Республикасынын ФЧМК “Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин (белгилеринин) коддорунун маалымдамасын бекитүү жөнүндө” буйругу;
6) 2024-жылдын 16-декабрындагы № 140/о/п Кыргыз Республикасынын ФЧМК “Финансылык чалгындоо органынын электрондук суроо-талабынын негизинде маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө” буйругу
7) 2025-жылдын 31-июлундагы № 99/о/п Кыргыз Республикасынын ФЧМК “Тоңдурулган операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар жөнүндө билдирүүлөрдүн формасын бекитүү жөнүндө” буйругу.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө ФЧМКнын төрагасынын орун басары Р.Б. Джумадиловго жүктөлсүн.