Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргызстан ЕАГдын мониторингдөө процедурасынан алынды

19-11-2014

2014-жылдын 10-ноябрынан 14-ноябрына чейин Душанбе (Тажикстан) шаарында кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАГ) Пленардык жумалыгы болуп өттү.

21-Пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККЛ/ТКК) улуттук тутумунун стратегиялык кемчиликтерин жок кылуу боюнча Кыргыз Республикасындагы прогресс тууралуу отчёту угулду жана талкууланды. Жыйындын катышуучулары Прогресс тууралуу отчётту жактырышты жана Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүүгө болгон умтулуусун колдошту. ЕАГдын Пленардык жыйынынын ишинин жыйынтыктары боюнча ЕАГдын Эл алдында билдирүүсүндө баяндалган чечим кабыл алынган. Анда, атап айтканда мындайча айтылат, “базалык жана негизги сунуштамалар боюнча кемчиликтерди жок кылууда жетишкен прогресске байланыштуу, Пленардык жыйында Кыргыз Республикасын ЕАГдын мониторингдөө процедурасынан алып салуу чечими кабыл алынды”.

ФЧМКнын басма сөз кызматы