Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргызстанда саясий жактан маанилүү адамдардын жана бенефициардык ээлеринин реестрлери түзүлүп жатат

31-03-2021

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында (мындан ары - ФЧМК) ФЧМКнын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин, Башкы прокуратуранын, Мамлекеттик кадр кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жана "Укук" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда "Улуттук коомдук кызмат адамдарынын" жана "Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин" электрондук маалымат базаларын түзүү маселелери боюнча жыйын болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун үстүбүздөгү жылдын 25-мартындагы ФЧМКнын төрагасы К.Т. Тургунбековду кабыл алуу учурунда айтылган тапшырмасын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Жыйында ушул чөйрөдөгү БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору, Акчаларды адалдоо менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу боюнча топтун (ФАТФ) жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун Коррупцияга каршы тармагынын сунуштамалары көрсөтүлдү, ошондой эле коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында көрсөтүлгөн электрондук маалымат базаларын түзүү боюнча конкреттүү чаралар талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча электрондук маалымат базаларын түзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө концептуалдык чечим кабыл алынды жана көрсөтүлгөн маалымат базалары боюнча техникалык мүнөздөмөлөрдү иштеп чыгуу боюнча практикалык кадамдар аныкталды.