Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Коопсуздук кеңешинде киберкоопсуздук чөйрөсүндө квалификациясын жогорулаткандарга сертификаттар тапшырылды

23-04-2021

Киберкоопсуздук чөйрөсүндө адистерди даярдоо максатында, 2020-жылы “MИФИ” Улуттук изилдөө өзөктүк университети” жогорку билим берүү боюнча Федералдык мамлекеттик автономдук билим берүү мекемесинин (Россия Федерациясы) базасында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин адистерин окутуу уюштурулган.

Президенттин аппаратынан кабарлашкандай, киберкоопсуздук боюнча квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун адистери окуудан өттү.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Улуттук банк, КР Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлерине квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарын тапшырды

Ал мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалап, алар алган билим иш жүзүндө пайдалуу болоруна ишенимин билдирди.

Булак:http://kg.kabar.kg/news/kk-katchylygynda-kiberkoop...