Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун жашоочуларына жардам берүү үчүн бир күндүк айлык акысын которушат

30-04-2021

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун жашоочуларына жардам берүү үчүн бир күндүк айлык акысын которушат.

Жергиликтүү калкка олуттуу материалдык зыян гана келтирбестен, адам курмандыктарына жана адамдардын ден-соолугуна зыян келтирген кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуяларга байланыштуу, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын мекендештерди колдоо үчүн ыктыярдуу каражат чогултуу боюнча бирдиктүү атайын эсепке которуу чечимин кабыл алышты.