Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдарынын өкүлдөрү үчүн терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча окутуучу семинар

17-10-2014

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Джоомарт Оторбаев бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында, ФЧМКнын окуу-усулдук борборунун базасында 27-октябрдан 31-октябрга чейин окутуучу семинар өткөрүлөт.

Бул семинардын милдеттери – кызматкерлерди окутуу:

  • Көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлерин – терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көзөмөлдөө ишмердигинде тобокел-багытындагы мамилени колдоно билүүгө;
  • Укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлерин – терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо менен байланышкан кылмыш иштерин териштирүүдө жана кароодо өз ара аракеттенүүсүнүн укуктук негиздерине;
  • Мамлекеттик түзүмдөрдүн жана менчик секторлордун кызматкерлерин – ФАТФтын сунуштамаларынын жаңы редакциясынын жол-жоболорун иш жүзүндө колдоно билүүгө;
  • Маалымат берүүчү уюмдардын кызматкерлерин төмөнкүдөй тема боюнча: “Терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо типологиялары”.

Бир жума ичинде окутуучу семинарга 140 адам катышат, анын ичинде сот, көзөмөлдөө, укук коргоо жана мамлекеттик органдар, ошондой эле менчик түзүмдөрдүн жана маалымат берүүчү жактардын өкүлдөрү да бар.

Окутуучу курс аяктагандан кийин семинардын катышуучуларына окууну өткөндүгү тууралуу күбөлүк тапшырылат.

Окутуучу семинар Бишкек шаарындагы ЕККУ борборунун техникалык колдоосунда өткөрүлөт.

ФЧМКнын басма сөз кызматы