Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ички кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат

11-10-2021

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - ФЧМК) ички кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тандоо үчүн конкурс жарыялайт.

Конкурска:

1) «юриспруденция», «укук коргоо ишмердүүлүгү», «бажы иши», «эл аралык катнаш», «экономика», «финансылык менеджмент», «финансы жана кредит», «бухгалтердик эсеп жана аудит», «маалыматтык коопсуздук», «маалыматтык системалар жана технологиялар», «интернет технологиялары жана башкаруу», «инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы», «тутумдук талдоо жана башкаруу» багыттарында жогорку билимге ээ;

2) мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы бар:

- кенже топтогу кызмат орундарына (инспектор, улук инспектор) - иш стажына талап коюлбайт;

- улук топтогу кызмат орундарына (башкы инспектор, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуусу, сектор башчысы) - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы бар;

- башкы топтогу кызмат орундарына (башкармалыктын начальниги, бөлүм башчы) - жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы бар;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобонун 12-13 пункттарында бегиленген ФЧМКга кызматка кабыл алынууда жана кызмат өтөөдө коюлуучу талаптарга жооп берген 21 жаштан өйдө Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Конкурска катышууга байланыштуу чыгымдарды (конкурс өтүүчү жерге чейин келип жана кайра кеткен жол кирелерди, жашай турган жайды ижарага алууну, анда жашоону, байланыш каражаттарынын кызматын пайдаланууну) конкурстун катышуучулары өз эсебинен төлөшөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди берүүсү керек:

1) жеке арызы (талапкерлигин койгон кызмат ордун көрсөтүү менен);

2) кадрларды каттоо баракчасы;

3) өмүр баян (белгиленген үлгүгө ылайык), 2 нускамада (өз колу менен жазылган жана терилген);

4) керектүү кесиптик билимин, квалификациясын же атайын билимин ырастаган документтеринин, ошондой эле документтердин окуу учурунда алган баалары менен тиркемелеринин (нотариустан күбөлөндүрүлгөн) көчүрмөлөрү;

5) эмгек китепчесинин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эмгек стажы жок жарандардан башка);

6) паспорттун көчүрмөсүн (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт) жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

7) балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн (балдары бар болсо) жана нике туралуу күбөлүгүнүн (эгерде никеде турса) көчүрмөлөрү;

8) медициналык маалымкат (форма 086/у);

9) үчтөн кем эмес сунуш каттарын (жашаган, окуган жана иштеген жери боюнча);

10) 9⨯12 (1 даана) жана 3⨯4 (4 даана) өлчөмүндөгү сүрөттөр;

11) өз колу менен түшүнүктүү жазылган “Эмне үчүн мен Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органында иштөөнү тандайм” темасында мотивациялык кат;

12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобонун 12-13 пункттарында белгиленген жагдайлардын жоктугун жазуу түрүндө тастыктоочу маалымкат.

ФЧМКнын кадрдык түзүмүнө берүүдө жогоруда белгиленген документтер көктөмөгө көктөлүүгө тийиш.

Документтер ФЧМКнын кадрлар бөлүмү тарабынан конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат, б.а. 2021-жылдын 22-октябрынын саат 18:00 чейин кабыл алынат.

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга конкурска катышууга уруксат берилбейт. Жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берген адам Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат.

Конкурска катышууга уруксат берилбеген талапкерлерге 2021-жылдын 29-октябрына чейин кабар берилет.

Сизди кызыктырган бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыз болот: 32-55-29, 32-55-27.