Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын өкүлү ЕАГ Катчылыгынын Администратору кызмат ордуна дайындалды

25-09-2014

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАГ) Аткаруучу катчысы Б.В. Тороповдун 2014-жылдын 1-сентябрындагы буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматчысы Турдукулов Айбек Феликсович ЕАГ Катчылыгынын администратору болуп дайындалды.

2014-жылдын 18-июнундагы кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча ЕАГдын мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн, ЕАГ Катчылыгынын Аткаруучу катчысынан жана кызматкерлеринен турган атайын комиссиянын жыйынынын протоколуна ылайык, А.Ф. Турдукулов ЕАГ Катчылыгынын кадрдык резервинин ЕАГ Катчылыгынын администратору кызмат ордуна конкурсту ийгиликтүү өттү.

А.Ф. Турдукулов ЕАГ Катчылыгына кызматка дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп келген жана ФАТФтын, ЕАГдын жумушчу топторунун жыйындарында, ошондой эле ФАТФтын жана ЕАГдын Пленардык жыйындарында Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында активдүү катышып келген.