Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

“Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү

28-12-2021

“Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү

2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүргүзүлүп жаткан инвентаризациялоонун алкагында ФЧМК тарабынан иштелип чыккан “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган иш чарага Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Башкы прокуратуранын, ИИМнин, УКМКнын, Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Улуттук банктын жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлдөрү бул иш-чарага катышты.

Тегерек столдун катышуучуларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар, ошондой эле мыйзам долбоорунун концепциясы сунушталды.

Куттуктоо сөзүндө ФЧМКнын төрагасынын орун басары А.М. Мамбеталиев белгилегендей “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында биздин өлкө мыйзам долбоорлорун сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгуунун жаңы деңгээлине көтөрүлдү, Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу демилгесинин түрдүү субъекттеринин иши синхрондоштурулган”.

Мыйзам долбоорун талкуулоонун жыйынтыгында тегерек столдун катышуучуларынын бардык сунуштары мыйзам долбоорун иштеп чыгууда эске алынары белгиленди.

Иш-чара БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун кеңсесинин техникалык колдоосу менен уюштурулду.