Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

21-февралда ФЧМКда Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

21-02-2023

21-февралда ФЧМКда Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ФЧМКнын кызматкерлерине 21-февраль –Эл аралык эне тил күнүнүн тарыхы боюнча видеоролик көрсөтүлдү.

ФЧМКнын кызматкерлеринин аткаруусунда музыкалык ырлар ырдалып, кыргыз акындарынын эне тил жөнүндө ырлары көркөм окулду.

Бул иш-чара Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү иш-чараларынын бир айлык планынын алкагында, ФЧМКнын кызматкерлеринин эне-тилге болгон сүйүүсүн арттыруу жана кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жайылтуу максатында өткөрүлдү.