Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргызстанда виртуалдык активдер жана виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн секторунда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо боюнча иштер башталды

02-03-2023

2023 - жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А. А. Касымалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштеп жаткан Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 5-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө виртуалдык активдер жана виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн секторунда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин баалоону өткөрүү жөнүндө маселе каралды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды:

- Виртуалдык активдер жана виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн секторунда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо Методологиясы;

- виртуалдык активдер жана виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн секторунда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топтун курамы;

- виртуалдык активдер жана виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн секторунда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдигине баа берүүнү өткөрүү графиги.

Тобокелдиктерди баалоо боюнча иш-чаралар 2023-жылдын 30 -июнуна чейин аяктайт.