Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин 22-жыйыны

07-03-2023

7-мартта видеоконференцбайланыш форматында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) жетекчилиги жана кызматкерлери Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин (ФЧБЖК) 22-жыйынына катышышты.

Жыйынга Кеңештин бардык мүчөлөрү – Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Жыйынга байкоочу катары Түркмөнстандын финансылык чалгындоо бөлүмүнүн өкүлү катышты. Жыйынга ошондой Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАТ) жана Финансылык мониторингдин эл аралык окуу-методикалык борборунун жетекчилиги чакырылган.

Жыйында талкууланган негизги маселелер кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жана терроризмди каржылоону тобокелдиктерди баалоо боюнча эл аралык борбордун өзгөчөлүктөрү, «Ачык блокчейн» сервисинин жаңыланган форматы жана ЕАТ Эл аралык комплаенс кеңешинин мүчөлөрүнүн жана көзөмөлдөөчү органдардын иш-чарасы.

Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин кезектеги жыйыныушул жылдын июнь айында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөрүлөт.