Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Коммерциялык банктар жоопкерчиликке тартылышты

15-06-2023

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 2 коммерциялык банкка жалпы суммасы 325 миң сом өлчөмүндөгү 5 айып пул салган.