Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 8-жыйыны болуп өттү

14-03-2024

2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштеп жаткан Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 8-жыйыны болуп өттү.

Жыйынынын жүрүшүндө 2024-жылдын 27-майынан 31-майына чейинки мезгилде Бишкек шаарында эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселеси каралды:

- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (мындан ары - ЕАТ) жумушчу топторунун жыйындарын;

- ЕАТга мүчө-мамлекеттердин парламентарийлеринин 3-форумун;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын Кеңешинин 27-жыйынын;

- ЕАТнун 40-пленардык жыйынын уюштуруу жана өткөрүү тууралуу.

Жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды:

- жогоруда аталган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү үчүн Штаб түзүлдү;

- 2024-жылдын 27-майынан 31-майына чейин Бишкек шаарында эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тиркелген Ведомстволор аралык план бекитилген.