2024-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштеп жаткан Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 9-жыйыны болуп өттү.
Комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
- 2024-жылдын 13-мартындагы № 8 Комиссиянын жыйынынын протоколу менен бекитилген 2024-жылдын 27-майынан 31-майына чейинки мезгилде Бишкек шаарында эл аралык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө.
- ЕАТна мүчө мамлекеттерди өз ара баалоонун 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоо графигин кароо;
- баалуу кагаздар рыногу, камсыздандыруу жана виртуалдык казино секторлорунда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине баа берүү;
Жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды:
- ведомстволор аралык планда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана мекемелер Ведомстволор аралык пландын иш-чараларын өз убагында аткаруу үчүн зарыл чараларды көрүшсүн;
- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык тобуна мүчө-мамлекеттерди өз ара баалоонун 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоонун төмөнкү графиги жактырылсын:
Техникалык шайкештик жөнүндө маалыматтарды берүү | Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген миссия | Кыргыз Республикасынын өз ара баалоо жөнүндө отчетун бекитүү |
Декабрь 2025 | Июль-август 2026 | Май 2027 |
- баалуу кагаздар рыногунда, камсыздандырууда жана виртуалдык казино секторлорунда тармактык тобокелдиктерди баалоо методологиясы бекитилди;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Методологияны колдонуу менен жана Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарынын, баалуу кагаздар рыногу, камсыздандыруу жана виртуалдык казино секторлорунун өкүлдөрүн, БУУ БКБнын эл аралык экспертин тартуу менен баалуу кагаздар рыногу, камсыздандыруу жана виртуалдык казино секторлорундагы тобокелдиктерди баалоону жүргүзсүн.