2024-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштеп жаткан Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 10-жыйыны болуп өттү.
Жыйынынын жүрүшүндө баалуу кагаздар рыногу секторундагы, камсыздандыруу секторундагы жана виртуалдык (онлайн) казино секторундагы тобокелдиктерге баа берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле аталган секторлордо террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин минималдаштыруу боюнча чаралар каралды.
Мындан тышкары, Евразиялык топтун мүчө мамлекеттеринин 2024-2026-жылдар мезгилине кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча өз ара баалоонун 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоону даярдоо жана өткөрүү боюнча сунушталган чаралар каралды.
Жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды:
- баалуу кагаздар рыногу секторунда, камсыздандыруу секторунда жана виртуалдык (онлайн) казино секторунда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтуу боюнча тобокелдиктерди баалоо отчеттору жана пландары бекитилди;
- Евразиялык топтун мүчө мамлекеттердин өз ара баалоосунун 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоону даярдоо жана өткөрүү боюнча 2024-2026-жылдарга стратегиялык иш планы бекитилди.