Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 11-жыйыны болуп өттү

24-06-2024

2024-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы К.К. Асангуловдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштеп жаткан Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 11-жыйыны болуп өттү.

Жыйынынын жүрүшүндө ФАТФтын "ICRGдин байкоосундагы юрисдикциялар (эл аралык кызматташтыкка сереп салуу боюнча топ) FATF/ICRG (2024)37" документи боюнча Кыргыз Республикасынын позициясы жөнүндө маселе каралды, ФАТФтын боз тизмесине андан ары киргизүү үчүн Кыргыз Республикасына карата максаттуу текшерүү жүргүзбөө жана Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди азайтуу боюнча кабыл алынган чараларга негизделген жана терроризмди каржылоо/акчаларды адалдоо үчүн өлкөнүн маанилүүлүгүнүн контекстин эске алуу менен 4-раунддун пулунда калтыруу үчүн.

Комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы боюнча аталган ФАТФ документи боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын макулдашуу чечими кабыл алынды, ошондой эле ФЧМКга жумушчу топтордун жыйындарына жана ФАТФтын Пленардык жыйынына катышуу жана аталган ФАТФ документи боюнча Кыргыз Республикасынын макулдашылган позициясы менен чыгып сүйлөө тапшырылсын.