Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Коммерциялык банк жоопкерчиликке тартылды

18-10-2024

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы коммерциялык банкка 441 миң сом өлчөмүндөгү 7 айып пул салды (жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке жана юридикалык жактары менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү талаптарын, тартибин жана мөөнөтүн бузуу)