2024-жылдын 16-декабрынан 19-декабрына чейинки мезгилде Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) Катчылыгынын өкүлдөрүнүн ЕАТга мүчө мамлекеттердин өз ара баалоонун 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоону даярдоо жана өткөрүү маселелери талкулоо үчүн Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушуулары болуп өттү.
2024-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен ЕАТ Катчылыгынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Ошондой эле 2024-жылдын 16-декабрынан 19-декабрына чейинки мезгилде жана белгиленген графиктин алкагында ЕАТ Катчылыгынын өкүлдөрү компетенттүү органдардын өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын командасы менен жолугушту, анын курамы 2024-жылдын 6-декабрында Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 12-отурумунда бекитилген.
Аталган жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасын өз ара баалоонун 3-раундуна даярдоо маселелери талкууланды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын алдыдагы баалоого даярдыгы аныкталды, 2024-2026-жылдарга карата стратегиялык иш планынын иш-чаралары боюнча түшүндүрмөлөр берилди, ошондой эле Кыргыз Республикасын алдыдагы баалоого даярдоо боюнча мындан аркы чаралар аныкталды.