2025-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Д.Дж. Амангельдиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштеп жаткан Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 13-жыйыны болуп өттү.
Жыйынынын жүрүшүндө Террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерди улуттук баалоонун (УТБ) жыйынтыгы каралды. УТБ отчетунун ачык (кыскартылган) версиясы Мамлекеттик финансы кызматынын www.fiu.gov.kg расмий сайтынын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган.
УТБ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) координациясы жана Финансылык мониторингдин Эл аралык окуу-усулдук борборунун (РФ) техникалык көмөк көрсөтүүсү менен өткөрүлдү. Тобокелдиктерди баалоонун жүрүшүндө жумушчу топтордун мүчөлөрү – КРУБ, УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура, МСК, МБК, Улутстатком, ЖАМК, Чек ара кызматы, Экономика жана коммерция министрлиги, Юстиция министрлиги, Сот департаменти, МКК, Финкөзөмөл, БМД, БТЖКК, "Кыргыз почтасы" МИ өкүлдөрү, ошондой эле жеке сектордун жана өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
УТБ жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына мүнөздүү террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) негизги коркунучтары, алсыз жактары жана тобокелдиктери аныкталган жана бааланган.
Жыйындын жүрүшүндө Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык тобуна (мындан ары - ЕАТ) мүчө мамлекеттерди өз ара баалоонун 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоого даярдоо жана өткөрүү боюнча 2024–2026-жылдарга стратегиялык иш планды аткаруу жөнүндө маселе каралды.
Жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды:
- террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерди улуттук баалоо боюнча отчет жактырылсын;
- Евразиялык топтун Катчылыгынын жана Росфинмониторингдин эксперттеринин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларынын жыйынтыктары боюнча сунуш кылынган чаралардын тизмеси бекитилсин.