ЕБ ACT долбоорунун өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жолукту
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Каржы чалгындоо мамлекеттик кызматы EU ACT (Европа Биримдигинин уюшкан кылмыштуулук жана терроризм менен күрөшүү боюнча аракети) долбоорунун өкүлдөрү менен обзордук миссиянын алкагында жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө EU ACT өкүлдөрү өлкөнүн кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ПОД/ФТ) улуттук системасын өнүктүрүү стадиясы менен таанышышты. Тараптар улуттук ПОД/ФТ системасын эл аралык стандарттарга ылайык өркүндөтүү боюнча келечектеги кызматташуу багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча тараптар диалогду улантууга жана акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы улуттук жана регионалдык потенциалды чыңдоо багытында өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экенин тастыкташты.