ФЧМК жана БАЭ Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) боюнча биргелешкен семинар өткөрүшүүдө.
2025-жылдын 11–12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы БАЭнин Акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Улуттук комитети жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте Кыргызстандын компетенттүү органдары үчүн виртуалдык семинар өткөрүүдө.
Программанын алкагында ТИК/ККЛК улуттук системасы боюнча актуалдуу маселелер талкууланат: виртуалдык активдерге байланышкан тобокелдиктер, бенефициардык менчик, тобокелдиктерге негизделген көзөмөл, стратегиялык анализ, эл аралык укуктук жардам жана багытталган финансылык санкциялар.
Семинарга Башкы прокуратура, Жогорку сот, Улуттук банк, УКМК, ИИМ, Юстиция министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, ошондой эле салык, бажы жана көзөмөл органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты – мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.