Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
2025-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын административдик имаратынын аймагында аталган кызматтын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына жана Финансылык чалгындоо органынын кызматкери күнү майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Канат Кубатович Асангулов ачып, өз сөзүндө Кызматтын акыркы жылдардагы жетишкендиктери жана алдыдагы милдеттери тууралуу белгилеп өттү. Айрыкча Кызмат тарабынан ишке ашырылып жаткан мекемелер аралык жана эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Катышуучуларга саламдашуу сөзү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Джолдошевич Амангелдиев кайрылып, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жамаатынын дарегине 20 жылдык юбилейине карата куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү, ошондой эле өзүнүн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Финансылык чалгындоо — өзгөрүүлөрдүн жана чоң масштабдагы реформалардын мезгилинде түзүлгөн жаш мамлекеттик органдардын бири. Ошого карабастан, ал өлкөнүн экономикасы менен финансылык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролго ээ. Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү — кылмыштуулуктун жолуна олуттуу бөгөт болуп саналат жана ушул багытта Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ишмердүүлүгү жогорку баага татыктуу».
Салтанаттуу иш-чаранын ардактуу конокторунун катарында Кызматтын түзүлүшү менен өнүгүүсүнө салым кошкон Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчилери М.А. Садыров жана Б.А. Садыков куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Ошондой эле эл аралык өнөктөштөр — Евразиялык тобунун Катчылыгынын өкүлү С.А. Смоляр, финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматтын директорунун орун басары (Росфинмониторинг) Г.Ю. Негляд, Финансылык мониторинг боюнча эл аралык окуу-усулдук борборунун башкы директору И. А. Уваров, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фольклер Фробарт, Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык кеңсесинин башчысы А.М. Селезнев, ошондой эле мамлекеттик укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин жана Улуттук банкынын өкүлдөрү саламдашуу сөздөрү жана куттуктоолор менен чыгып сүйлөштү. Бардык өкүлдөр Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ишмердигинин маанилүүлүгүн жана анын экономикалык коопсуздукту камсыздоого жана өлкөнүн туруктуулугун бекемдөөгө кошкон салмактуу салымын жогору белгилешти.
Иш-чара коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташууну чыңдоого, ошондой эле улуттук кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү системасынын потенциалын өнүктүрүүгө багытталды. Анын жүрүшүндө Кызматтын акыркы жылдардагы негизги жетишкендиктери белгиленип, ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгү баса белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилөө улуттук кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү системасынын жетилгендигин жана чыңдалышын айгинелеген маанилүү этап болуп калды. Ал финансылык чалгындоо органдарынын өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылуудагы ишмердүүлүгүнүн маанисин дагы бир жолу баса белгилеп, улуттук жана эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жаңы дем берди.