Бишкек шаарында жана Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын жана Россия Федерациясынын финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматынын өкүлдөрүнүн ортосунда бир катар жумушчу жолугушуулар болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара баалоонун үчүнчү раундунун алдында кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн улуттук системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу менен байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Тараптар кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун, анын ичинде банк секторунун комплаенс-системасын өнүктүрүү жаатында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Эки өлкөнүн финансылык чалгындоо өкүлдөрү ошондой эле чек ара аралык соода жана каржы агымдарын талдоонун жыйынтыктары, ошондой эле бул чөйрөдө кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоо менен алмашышты.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы финансылык коопсуздукту чыңдоого, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо улуттук системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн көрсөтүлгөн форматынын маанилүүлүгүн белгилейт.
Тараптар кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүүнүн актуалдуу маселелери боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.