
2025-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарындагы Sofia International Hotel мейманканасында «Финансылык иликтөө – кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана коррупцияга каршы күрөштүн эффективдүү механизми: уурдалган активдерди аныктоо, кайтаруу жана конфискациялоо» аттуу симуляциялык тренинг башталды.
Иш-чара БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу менен өткөрүлүп, концептуалдык катта көрсөтүлгөндөй кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча улуттук системасын бекемдөөгө багытталган кеңири программалардын бир бөлүгү болуп саналат.
Тренингге Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Башкы прокуратурага караштуу Укуктук академиясынын жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү катышууда.
Үч күндүн ичинде катышуучулар реалдуу кылмыш иштеринин практикалык моделдери менен иштешет, мыйзамсыз кирешелерди аныктоо, финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү, кылмыштуу келип чыккан мүлктү аныктоо жана кайтаруу, ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттенүү жана эл аралык кызматташтык көндүмдөрүн иштеп чыгышат. Программанын басымдуу бөлүгүн практикалык тапшырмалар түзөт.
Бул симуляциялык тренинг – 2026-жылы өтө турган ФАТФ жана Евразиялык топтун стандарттарына туура келүүсүн өз ара баалоого даярдоонун маанилүү элементи болуп саналат жана иликтөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана активдерди кайтарып берүүгө өбөлгө түзөт.
Тренинг 4-декабрга чейин уланат, жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.