
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын (ФЧМК) жыйындар залында ченемдик укуктук актылардын (ЧУА) долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөл органдарынын өкүлдөрү катышты. Күн тартибиндеги негизги маселе - Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча улуттук тутумду чыңдоого багытталган иш-пландын жана мыйзам долбоорлорунун концепцияларын талкуулоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, өз ара баалоонун 3-раундунан өтүүнүн алкагында ЧУАларды иштеп чыгуу үч негизги блок боюнча жүргүзүлөт:
Жумушчу топ мүчөлөрүнүн ыкчам өз ара аракеттенүү механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду. Бекитилген тартипке ылайык:
Бул чаралар ченемдик базаны даярдоонун жогорку сапатын жана финансылык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык стандарттарын өз убагында аткарууну камсыз кылууга багытталган.
Иш-планга ылайык, жалпысынан 22 ЧУА долбоорун жана 5 колдонмону иштеп чыгуу зарыл.