2026-жылдын 16˗20-февралында Joint Vienna Institute (JVI) базасында Oesterreichische Nationalbank (Австриянын Улуттук банкы) тарабынан уюштурулган «Финансылык билим берүү жаатындагы демилгелер – мыкты тажрыйбалар жана стратегиялар» аттуу эл аралык окутуу курсу өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлү катышты.
Программанын жүрүшүндө катышуучулар Австрияда ийгиликтүү колдонулуп жаткан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган заманбап ыкмалар менен таанышышты. Өзгөчө көңүл интерактивдүү окутуу форматтарына бурулуп, Financial Life Park (FLIP) билим берүү борборунун жана Австриянын Улуттук банкына караштуу Money Museum Vienna ишмердүүлүгү каралды.
Мындай билим берүү форматтары катышуучуларга, айрыкча жаштарга, интерактивдүү жана жеткиликтүү формада жеке финансыны башкаруу көндүмдөрүн өздөштүрүүгө, ошондой эле заманбап финансылык системанын иштөө принциптерин жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Курстун негизги темаларынын бири финансылык сабаттуулук менен улуттук коопсуздуктун ортосундагы байланышты талкуулоо болду. Эксперттик талкуулардын жүрүшүндө калктын финансылык маалымдуулугунун жогорулашы жарандардын алдамчылык схемаларга жана шектүү финансылык операцияларга тартылуу тобокелдиктерин азайтууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Окутуу программасына ошондой эле заманбап санариптик билим берүү платформаларын (E-learning) изилдөө жана билим берүү демилгелеринин натыйжалуулугун баалоо ыкмаларын талдоо камтылган. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар финансылык маданиятты өнүктүрүүгө жана финансылык сектордун ачыктыгын жогорулатууга багытталган улуттук стратегияларды ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашышты.
Алынган билимдер жана эл аралык тажрыйба калк жана жеке сектордун өкүлдөрү менен жүргүзүлүүчү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин өркүндөтүүдө колдонулушу мүмкүн.
Joint Vienna Institute базасында өткөрүлгөн ушундай эл аралык билим берүү программаларына катышуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин эксперттик потенциалын чыңдоого жана Европанын алдыңкы финансылык институттары, анын ичинде Oesterreichische Nationalbank менен кесиптик диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.