
2026-жылдын 7-апрелинде Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Бакытбек Алишеров менен Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Б.Т. Султановдун жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги темасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККЛ/ТКК) чөйрөсүндө өз ара кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бакытбек Алишеров ЕАТын өз ара баалоосунун алдыдагы үчүнчү раундунун маанилүүлүгүн белгилеп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эл аралык стандарттарга шайкештик деңгээлин жогорулатуу боюнча күч-аракеттерин консолидациялоонун максатка ылайыктуулугун баса көрсөттү. Айрыкча, ККЛ/ТК тобокелдиктерин эрте аныктоо боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле, жалпы тобокелдиктерге ыкчам жооп кайтаруунун координацияланган механизмин түзүү ФАТФ стандарттарына ылайык улуттук ККЛ/ТК системаларынын натыйжалуулугун ырааттуу жогорулатууда маанилүү кадам болоору белгиленди.
Кошумча маалымдалгандай, 2026-жылдын 6-апрелинен 10-апрелине чейин ФЧМК төрагасынын орун басары «ККЛ/ТК/ МККТК багытында иш алып барган финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын адистери үчүн ФАТФ стандарттары» аттуу адистештирилген окууга катышууда.