Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн системаларындагы кемчиликтер (чабалдыктар) жөнүндө маалымат жарыяланды

02-07-2026

02-07-2026

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 “Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу токтому менен бекитилген Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 9-пунктуна ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн системаларындагы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кемчиликтер (чабалдыктар) жөнүндө маалымат ФЧМКнын сайтында жарыяланды. Ушул маалымат финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан тобокелдикке салынган мамилени колдонууда пайдаланылат.

Көрсөтүлгөн маалымат PDF форматтында ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүндөгү «Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеси» бөлүмчөсүндө жайгаштырылды.