
Бишкек ш., 2026-жылдын 24-июну
ПРЕСС-РЕЛИЗ
2026-жылдын 23–24-июнунда Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын Юридикалык академиясынын жыйындар залында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоо фактыларын аныктоо жана тергөө маселелери боюнча окуу курсу болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борбору тарабынан уюштурулду.
Окутууга жалпы 38 адам катышты: алардын 15и офлайн форматта, 23ү онлайн режиминде катышты.
Курстун жүрүшүндө кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ПОД/ФТ) чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негиздери жана акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) эл аралык стандарттары, кылмыш иштерин тергөө жана процесстик коштоо маселелери, активдерди аныктоо, камакка алуу, конфискациялоо жана кайтарып берүү боюнча эл аралык кызматташтык, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенүү жана параллелдүү финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү маселелери каралды.
Окутуучулар катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ПОД/ФТ) багытындагы эксперттер чыгышты.
Окуу курсу катышуучулардын кесиптик компетенцияларын жогорулатууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү багытында ведомстволор аралык кызматташууну чыңдоого багытталды.