Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМК менен Корея Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө

29-03-2016

Бүгүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Корея Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү» аттуу темадагы конференция ФЧМКнын Окуу-методикалык борборунун базасында өттү.

Семинар-конференциянын жүрүшүндө анын катышуучуларынын ортосунда өз ара баалоого даярдык көрүү жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө тобокелдиктерди улуттук баалоо маселелери жана АА/ТКК улуттук тутумун өнүктүрүү перспективалары боюнча тажрыйба алмашуу болду.

Конференциянын алкагында ФЧМК менен Корея Республикасынын ФЧБсы ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду.

Меморандум эки өлкөнүн финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуусун болжойт.

Документке кол коюшту:

ФЧМК үчүн – ФЧМКнын төрагасы М.Т. Мамбетжанов;

Корея Республикасынын ФЧБсы үчүн – ФЧБ комиссары Бён Рэ Ли мырза.