Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Бардык финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактарга

10-09-2026

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – ФЧМК) 2026-жылдын 16-сентябрынан тартып ФЧМКнын жаңы расмий сайты ишке киргизиле тургандыгын билдирет. ФЧМКнын жаңы сайты мурдагы дарек боюнча — www.fiu.gov.kg жеткиликтүү болот. ФЧМКнын сайтынын жабык бөлүгүндө жайгаштырылган маалыматтарга жетүү ФЧМКнын Жеке кабинети аркылуу жүзөгө ашырылат. Жеке кабинет төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү: www.privateoffice.fiu.gov.kg Жеке кабинетке кирүү үчүн каттоодон өтүп, андан кийин авторизациядан өтүү зарыл.
Ушуга байланыштуу, бардык финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактарды ФЧМКнын Жеке кабинетинде каттоодон өтүүнү өтүнөбүз.
Ошондой эле финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилеринен ушул маалыматты жооптуу кызматкерлерге жеткирүүнү жана колдонуучулардын өз убагында каттоодон өтүшүн камсыз кылууну өтүнөбүз.
Каттоодон өтүүгө жана Жеке кабинетке кирүүгө байланыштуу суроолор жаралган учурда, ФЧМКнын техникалык колдоо кызматына кайрылууну өтүнөбүз.