Кыргыз Республикасынын “Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 2-бөлүгүнүн, 15, 21 жана 23-беренелеринин талаптарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомун (бенефициардык менчик ээлеринин электрондук маалыматтар базасын жүргүзүү бөлүгүндө), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жобонун 17-пунктун ишке ашыруу максатында, ФЧМКнын 2026-жылдын 14-сентябрындагы "Бенефициардык менчик ээлери жөнүндө анык эмес маалыматтарды аныктоо жана алар боюнча чара көрүү боюнча ФЧМКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик органдар жана отчет берүүчү субъекттер менен өз ара аракеттенүүсүнүн Регламентин бекитүү жөнүндө" буйругу кабыл алынган.