Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

2016/2017 ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ЖОЖДОРУНА ОКУУГА АБИТУРИЕНТТЕРДИ ТАНДАП АЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯ

09-03-2016

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Россия Федерациясынын федералдык бюджетинен бюджеттик каражат бөлүп берүүсүнүн эсебинен 2016/2017 окуу жылына карата жогорку билим берүү уюмдарына, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана терроризмди каржылоо чөйрөсүндө төмөнкү багыттар боюнча Тармактык институттун ЖОЖдоруна окууга абитуриенттерди кабыл алуу башталгандыгы тууралуу жарыялайт:

  • Коопсуздуктун маалыматтык-аналитикалык тутуму;
  • Экономикалык коопсуздук;
  • Улуттук коопсуздукту укуктук камсыздоо.

Катышуучуларды каттоо жана документтерди кабыл алуу 2016-жылдын 9-мартында Бишкек шаары, Тоголок-Молдо көчөсү 21-а дарегинде жүргүзүлөт. Кирүү экзамендери 2016-жылдын 10 жана 11-мартында өткөрүлөт.
Документтерди тариздөө тартиби жана аларды кабыл алуу шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты төмөнкү тиркемелерден алсаңыз болот.

1) Даярдоо тармактарынын/адистиктердин аталышы жана коддору.

2) Россиялык билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн керектүү документтердин тизмеси.

3)Анкета-арыз.
4) Анкета-арызды толтуруунун үлгүсү.

5)Эстеткич.

Маалымат алуу үчүн телефон: 0312 325542