Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ФИНАНСЫЛЫК ЧАЛГЫНДОО МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН (мындан ары – ФЧМК) 2015-жылдагы ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ОТЧЁТУ

15-02-2016

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ФИНАНСЫЛЫК ЧАЛГЫНДОО МАМЛЕКЕТТИК

КЫЗМАТЫНЫН (мындан ары – ФЧМК)

2015-жылдагы ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТУУРАЛУУ ОТЧЁТУ

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ФЧМКнын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында, 2015-жылы ФЧМК төмөнкү иштерди жасады:

1. Маалымат берүүчү жактардан келип түшкөн операциялар жана бүтүмдөр тууралуу маалыматтарды алуу жана каттоо, ФЧМКнын маалыматтар базасын мониторингдөө жана андан иргеп алуу:

Отчёттук мезгилде ФЧМК тарабынан төмөнкүдөй санда маалымат берүүчү жактардан келип түшкөн операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөр алынды жана аларды каттоо жүзөгө ашырылды:

1) БМТга келип түшкөн билдирүүлөрдүн жалпы саны – 761 797, алардын ичинен:

- кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча шектүүлүк коддору бар операциялар тууралуу билдирүүлөр – 79 656;

- террористтик ишти каржылоо боюнча шектүүлүк коддору бар операциялар тууралуу билдирүүлөр – 278;

2) Кабыл алынуучу билдирүүлөрдүн күнүмдүк көлөмү (орточо) – 2741;

3) Бардыгы болуп ФЧМКнын маалыматтар базасындагы билдирүүлөр – 5 852 722 (2015-жылдын 28-декабрындагы абал боюнча).

2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бирдиктүү маалымат тутумунун (мындан ары – БМТ) иштөөсүн камсыздоо:

БМТнын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында коммерциялык банктарга жана банктык эмес уюмдарга типтүү формаларды толтуруу, билдирүүлөрдү өткөрүп берүү жана башка техникалык каталар (маалыматтарды туура эмес киргизүү, квитанцияларды жеткирүүдөгү каталар, банктар тарабында адаптерлердин иштөөсүн текшерүү) менен байланышкан проблемаларды чечүүдө консультациялык-методикалык жардам дайыма көрсөтүлүп келди.

Маалыматтар базасын башкаруу тутумунун иштөөсүн камсыздоо, сервердик жабдуулар, ошондой эле ФЧМКнын программалык камсыздоосун иштеп чыгуу жана коштоп жүрүү боюнча жергиликтүү желедеги бузулууларды жоюу боюнча алдын ала оңдоо иштери дайыма жүргүзүлүп келди.

Ошондой эле адистештирилген программалык камсыздоо «Маалыматты киргизүү, иштеп чыгуу жана ФЧМКга өткөрүп берүү боюнча программалык каражаттардын автоматташтырылган комплекси» (мындан ары - АРМ) жаңыланды.

3. Алынган маалыматты иштеп чыгуу, жалпыланган жана маалыматтык материалдарды укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү:

1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө:

1) Маалымат берүүчү жактардан келип түшкөн 642 183 билдирүү иштелип чыкты.

2) 25 финансылык иликтөө жүргүзүлдү, банктык инструментарийлерди колдонуу менен жалпы суммасы 2 980 100 000 сом жана 18,3 млн. АКШ долларын түзгөн 21 юридикалык жак жана 18 жеке жак (мыйзамсыз ишкердик, салык салуудан баш тартуу, баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү ж.б.) боюнча 17 жалпыланган материал даярдалып, жөнөтүлдү.

Жалпыланган материалдар төмөнкү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жиберилди:

- КР Башкы прокуратурасына – 4;

- КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине – 2;

- КРӨ караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка – 9;

- КРӨ караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматка – 2.

3) Финансылык иликтөөнүн жүрүшүндө министрликтерге жана ведомстволорго (коммерциялык банктарды кошо алганда) 1 432 суроо-талап, ошондой эле 28 эл аралык суроо-талап жана жооп даярдалып, жөнөтүлдү.

4) 114 суроо-талап аткарылып, 84 юридикалык жак жана 287 жеке жак боюнча жооптор жөнөтүлдү, алардын ичинен:

- КР Өкмөтүнүн Аппаратына – 9;

- КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине – 9;

- КР Башкы прокуратурасына – 17;

- КРӨ караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка – 22;

- КР Ички иштер министрлигине – 20;

- КРӨ караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматка – 6;

- Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнө – 2;

- КР башка мамлекеттик органдарына – 29.

2. Терроризмди жана экстремизмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө:

1) отчёттук мезгил убагында 94/69 кат-кабар алынды/жөнөтүлдү (КР мамлекеттик органдары менен ФЧБ кат жазышуулары).

2) эл аралык суроо-талаптар жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча 34 финансылык иликтөө жүргүзүлүп, жооптор жиберилди:

- КР УКМКга – 9 (257 жеке ж., 1 юр. ж. карата);

- КР ИИМге – 15 (126 жеке ж., 1 юр.ж. карата);

- Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнө 10 (21 жеке.ж., 2 юр. ж. карата).

3) Маалымат берүүчү жактардан алынган маалыматтардын жана башка кошумча материалдардын негизинде финансылык иликтөөлөр жүргүзүлдү жана жалпы суммасы 112 900 000 сомду түзгөн 23 жалпыланган материал жиберилди:

Жалпыланган материалдар төмөнкү укук коргоо органдарына жиберилди:

- КР УКМКга – 3;

- КР ИИМге – 20.

Финансылык иликтөөнүн жүрүшүндө суроо-талаптар жиберилди:

- коммерциялык банктарга – 955;

- мамлекеттик органдарга – 20.

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 токтому менен бекитилген «Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, каражаттарды бир калыпта кармоо жана бошотуу тартиби жөнүндө жобого» ылайык:

а) Террористтик, экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга катышы бар жактардын тизмегинде болгон жактарга карата төмөнкүдөй санда маалыматтык материалдар жиберилди:

- КР УКМКга – 39;

- КР ИИМге – 42.

б) Төмөнкүдөй санда буйруктар чыгарылды:

- операцияны бир калыпта кармоо жөнүндө – 22, жалпы суммасы 355 727,00 сом;

- бир калыпта кармап туруудан баш тартуу жөнүндө – 26, жалпы суммасы 20 722 сом;

- операцияны бошотуу жөнүндө – 7, жалпы суммасы 306 217,00 сом.

4. Эл аралык кызматташуу:

1. Эл аралык макулдашуулар:

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу максатында ФЧМК менен Россиянын, Турциянын, Шри-Ланканын, Бангладештин, Нигериянын ФЧБсы ортосунда меморандумдарга/макулдашууларга кол коюлду.

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Түркия Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кылмыштарды тергөө боюнча кызматынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө макулдашуу, Берлин шаарында 2015-жылдын 27-январында кол коюлган.

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Россия Федерациясынын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматынын ортосундагы макулдашуу, Берлин шаарында 2015-жылдын 28-январында кол коюлган.

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого байланыштуу маалыматтарды алмашуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Бангладеш Эл Республикасынын Банкы алдындагы Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, Бриджтаун шаарында (Барбадос) 2015-жылдын 9-июнунда кол коюлган.

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Шри-Ланканын Борбордук банкынын Финансылык чалгындоо бөлүмү ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, Бриджтаун шаарында (Барбадос) 2015-жылдын 10-июнунда кол коюлган.

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү менен байланышкан маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Нигерия Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмү ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, Бриджтаун шаарында (Барбадос) 2015-жылдын 11-июнунда кол коюлган.

Ошондой эле 2015-жылдын 26-октябрында Япониянын Премьер-министринин Бишкек шаарындагы расмий иш сапарынын жүрүшүндө «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу боюнча ФЧМК менен Япониянын Коомдук коопсуздук боюнча улуттук комиссиясына караштуу Финансылык чалгындоо борборунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө арызга» кол коюлду.

Европага болгон КР Президентинин расмий жана жумушчу сапарларынын натыйжалары боюнча жетишилген, сүйлөшүп бир пикирге келишкендиктерди ишке ашыруу боюнча 2015-жылга ФЧМКнын ишинин планына ылайык, ФЧМК Бельгиянын ФЧБсы менен биргеликте Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу жөнүндө кызматташууда ФЧМК менен Бельгия Королдугунун Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун долбоорун иштеп чыкты.

2. Акчаларды адалдоо менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу топтун (мындан ары - ФАТФ) алкагындагы ишмердүүлүк:

2015-жылдын 22-февралынан 27-февралына чейинки мезгилде Париж шаарында (Франция) ФАТФтын жумушчу топторунун жыйындары жана Пленардык жыйыны болуп өттү. Жумушчу топтордун жыйындарына ФЧМКнын өкүлдөрү катышты.

ФЧМКнын өкүлдөрү 2015-жылдын 19-октябрынан 23-октябрына чейинки мезгилде Париж шаарында (Франция) болуп өткөн ФАТФтын жумушчу топторунун жыйындарына жана Пленардык жыйынына катышты.

3. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун алкагындагы ишмердүүлүк:

2015-жылдын 18-майынан 22-майына чейинки мезгилде Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) ЕАГдын жумушчу топторунун жыйындары жана Пленардык жыйыны болуп өттү. Пленардык жумалыктын алкагында ФЧМКнын өкүлдөрү жеке сектор менен болгон «Тобокелдиктерди баалоо жана жеке сектордун ролу. Жетектөөчү принциптер жана кайра байланыш» аттуу темадагы кеңешмелерге катышты.

2015-жылдын 9-ноябрынан 13-ноябрына чейин ФЧМКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Москва шаарында ЕАГдын жумушчу топторунун жыйындарына жана Пленардык жыйынына катышты, анын алкагында 2015-жылдын 11-ноябрында жалданма террористтерден келип чыгуучу коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча иш тажрыйбасы тууралуу толук маалымат берилген терроризмди каржылоо менен байланышкан кылмыштарды иликтөөдө финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча ЕАГ/КМШ АТБ биргелешкен семинары өткөрүлдү (Москва, Россия Федерациясы).

4. Эгмонт тобуна мүчөлүк

Эгмонт тобунда кызматташуунун алкагында ФЧМКнын өкүлдөрү 2015-жылдын 24-январынан 30-январына чейинки мезгилде болуп өткөн Эгмонт тобунун жумушчу топторунун жыйындарына жана ФЧБ башчыларынын жыйындарына катышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясы 2015-жылдын 7-июнунан 12-июнуна чейинки мезгилде болуп өткөн Эгмонт тобунун жумушчу топторунун жыйындарына жана 23-Пленардык жыйынына катышты.

2015-жылдын 2-сентябрынан 9-сентябрына чейинки мезгилде ФЧМКнын кызматчысы ФЧМКнын маалымат тутумун баалоо үчүн FISMM жыйынтыктарын колдонуу көндүмдөрүнө ээ болуу боюнча, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо боюнча SEC-FIU «Эгмонт» тобунун окутуу курсунан өттү.

5. Финансылык мониторингдөөнүн эл аралык окуу-методикалык борборунун техникалык жардамынын алкагында (мындан ары-ФМЭОМБ)

Россия Федерациясы 2015-2016 окуу жылына окууга макулдашылган квота алкагында ФЧМКга Росфинмониторинг багыты боюнча окутууга 18 квота берди. Ушуга байланыштуу ФЧМКнын кызматкерлери тарабынан окутууга талапкерлерди тандап алуу боюнча иш жүргүзүлдү (Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелерин маалымдоо, тандап алуу сыноолорун өтүү үчүн талапкерлерди тандоо, Бишкек шаарындагы Роскызматташуу өкүлчүлүгүнө анкеталарды толтуруп, жиберүү жана андан ары ФМЭОМБга жиберүү). Ошентип, берилген 18 квотанын 16 толтурулду. Ушул тапта ФЧМКнын кызматчылары кабыл алынган студенттердин жетишүүсүнө мониторинг жүргүзүүдө.

2014-жылдын 16-декабрында кол коюлган Росфинмониторинг, ФМЭОМБ, ФЧМК жана ФЧМК ОМБ ортосундагы ВКБ жөнүндө макулдашууга ылайык, отчёттук мезгилде ФМЭОМБ адистери менен биргеликте ВКБ тутуму орнотулду.

ВКБ тутумун колдонуу менен Финансылык мониторингдөөнүн эл аралык окуу-методикалык борбору төмөнкүдөй окутуу семинарларын жана тегерек столдорду өткөрдү:

1) 2015-жылдын 24-июлунда «Кылмыштуу кирешелерди (активдерди) таап чыгуу, арест кылуу, конфискациялоо жана мамлекетке кайтарып берүү менен байланышкан жазык иштерин тергөөдө (анын ичинде оффшордук зоналар боюнча да) далилдерди топтоо үчүн керектүү болгон маалыматтарды алууда финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү» аттуу темадагы окутуу семинары (катышуучулардын саны: ФЧМКдан – 2, КР БПдан - 2);

2) 2015-жылдын 31-июлунда «Банк деп саналбаган микрофинансылык уюмдарга, электрондук акча тутумунун операторлоруна, бухгалтердик уюмдарга КА/ТКК режимин жайылтуу боюнча тажрыйба алмашуу» аттуу темадагы окутуу семинары (катышуучулардын саны: ФЧМКдан – 3, УКМКдан – 3, Мамфинкөзөмөлдөн - 3);

3) 2015-жылдын 7-августунда «Терроризмди каржылоого жана МККны жайылтууга карата максаттуу финансылык санкциялар тажрыйбасы» аттуу темадагы окутуу семинары (катышуучулардын саны: ФЧМКдан – 6, УКМКдан – 3, ИИМден - 2);

4) 2015-жылдын 14-августунда баалуу металлдардан жана баалуу таштардан буюмдарды сатып алуу, сатуу жана жасоо менен алектенген ишкердик субъектилерине КА/ТКК чөйрөсүндө контролду жүзөгө ашыруу боюнча көзөмөлдөө органынын практикалык иши жөнүндө тегерек стол (катышуучулардын саны: ФЧМКдан – 3, КР Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинен – 4);

5) 2015-жылдын 28-августунда «Жазык-укуктук жөнгө салуу жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү практикасы» темасында тегерек стол (катышуучулардын саны: ФЧМКдан – 2, БКМКдан - 1);

6) 2015-жылдын 11-сентябрында «ЕАГ мамлекеттеринин КА/ТКК улуттук тутуму үчүн кадрларды даярдоо» темасында тегерек стол (катышуучулардын саны: ФЧМКдан – 3, Кыргыз-Россия Славян университетинен – 3, КРПМБАдан - 2);

7) 2015-жылдын 13-октябрында МИФИ УИЯИнын «Экономикалык коопсуздук» эл аралык олимпиадасын өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымдоо үчүн тегерек стол (катышуучулардын саны: ФЧМКдан - 2);

8) 2015-жылдын 30-октябрында «Почта байланышынын операторлорунун ишмердүүлүгүнө КА/ТКК чөйрөсүндө көзөмөлдү жүзөгө ашыруу. Почта байланышынын операторлорун ички контролдоо эрежелери. Почталык акча которууларын жиберүүдө шектүү финансылык операцияларды таап чыгуунун чен өлчөмдөрү жана белгилери» аттуу темадагы тегерек стол (катышуучулардын саны: ФЧМКдан – 2, КРӨ караштуу МБА – 2, КР МТК караштуу «Кыргыз почтасы» МПдан - 2);

9) 2015-жылдын 20-ноябрында «Бирдиктүү Бажы Биримдигинин бар болгон жол-жоболорун колдонуу, ошондой эле КМШ жана Латвия өлкөлөрүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу аркылуу акчаларды адалдоонун негизги индикаторлору» аттуу темадагы тегерек стол (катышуучулардын саны: ФЧМКдан - 3);

10) 2015-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейинки мезгилде төмөнкү темада: «Тобокелдиктерди башкаруунун эл аралык стандарттары» (ФЧМКнын кызматчылары үчүн окутуу курсу);

11) 2015-жылдын 26-ноябрында «Росфинмониторингдин квотасы боюнча МИФИ УИЯИге өтүүгө талапкерлерди тандоо жөнүндө» аттуу темадагы окутуу семинары (катышуучулардын саны: ФЧМКдан - 3);

12) 2015-жылдын 27-ноябрында «Криптовалюталар жана төлөөнүн жаңы ыкмалары» аттуу темадагы окутуу семинары (катышуучулардын саны: ФЧМКдан – 2, КР УБдан – 7, жеке сектордон - 7);

13) 2015-жылдын 3-декабрында «Терроризмди жана экстремизмди каржылоонун актуалдуу маселелери» аттуу темадагы тегерек стол (катышуучулардын саны: ФЧМКдан – 4, КР УКМКдан – 2, КР ИИмден – 1, КР ТИМден - 1);

14) 2015-жылдын 11-декабрында «АА/ТК тобокелдиктерине улуттук баалоо жүргүзүү жана тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу, тобокелдиктерди улуттук баалоо концепциясын даярдоо боюнча эл аралык тажрыйбаны окуп үйрөнүү» аттуу темадагы тегерек стол (катышуучулардын саны: ФЧМКдан - 5);

15) 2015-жылдын 18-декабрында «ЕАГга мүчө мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүндө стратегиялык талдоо боюнча иштерди уюштуруу тажрыйбасы» аттуу темадагы тегерек стол (катышуучулардын саны: ФЧМКдан - 2).

Катышуучулардын жалпы саны - 10 мамлекеттик органдан, 2 билим берүү мекемесинен жана жеке сектордон 45 адамды түзөт, ФЧМКнын кызматчыларын кошпогондо.

Ошондой эле ФЧМКда 2016-жылга ВКБ иш-чаралар планы даярдалып ФМЭОМБга жиберилди.

ФМЭОМБ жардамы аркасында «Жаңы муун» кыска мөөнөттөгү тааныштыруучу сапарлардын программасы

ФЧМКнын 5 кызматчысы ЕАГдын жумушчу топторунун жыйындарына жана 23-Пленардык жыйынына, ошондой эле терроризмди каржылоо менен байланышкан кылмыштарды тергөөдө финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча ЕАГ/КМШ АТБ биргелешкен семинарына (Москва, Россия Федерациясы, 2015-жылдын 11-ноябры) жана ФЧБЖКнын 6-жыйынына (Москва, Россия Федерациясы, 2015-жылдын 11-ноябры) катышты.

6. КМШга катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин алкагында ишмердүүлүк

2015-жылдын 15-майынан 16-майына чейинки мезгилде Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин 5-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жыйынтыгында КМШга катышуучу мамлекеттердин кылмыштуу активдерди издөө жана кайтарып берүү боюнча байланыш пункттарын (борборлорун) түзүү боюнча маселени кайра карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

2015-жылдын 22-сентябрынан 25-сентябрына чейинки мезгилде Цахкадзор шаарында (Армения Республикасы) КМШга катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин (ФЧБЖК) жумушчу топторунун жыйыны болду. Бул иш-чарага ФЧМКнын өкүлү катышты. Тобокелдиктерди улуттук баалоону жүргүзүүдө тажрыйба алмашуу жүзөгө ашырылды, КА/ТКК чөйрөсүндө орчундуу маселелер каралды.

2015-жылдын 11-ноябрында күн тартибинде көрсөтүлгөн маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын позициясы көрсөтүлгөн, күн тартибинде көрсөтүлгөн маселелер боюнча бир катар жыйынтыктоочу чечимдерге кол коюлган ФЧБЖКнын 6-жыйыны болуп өттү (Москва, Россия Федерациясы).

7. Техникалык жардам долбоорлорун ишке ашыруу/Донорлор менен иштөө

Бишкек шаарындагы ЕККУ борбору жана Борбор Азиядагы БУУ БКБнын регионалдык өкүлчүлүгү менен биргеликте 2015-жылдын 29-июнунан 3-июлуна чейинки мезгилде «Бажы кылмыштуулугуна каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү» аттуу темадагы окутуу семинары уюштурулуп өткөрүлдү. Бул семинарга Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын (КРӨ ЭККМК, КР БП, КРӨ МБК, КР МЧК, КРӨ БКМК) өкүлдөрү катышты.

ФЧМКнын өкүлү Кыргыз Республикасынын Ыссык-Көлүндө 2015-жылдын 27-августунан 28-августуна чейин болуп өткөн ЕККУга катышуучу мамлекеттердин антитеррористтик борборлорунун төртүнчү эксперттик жолугушуусуна катышты.

ЭВФ көмөгү менен:

2015-жылдын 19-январынан 29-январына чейинки мезгилде Бишкек шаарында ААК/ТКК боюнча максаттуу трасттык фонд (МТФ) аркылуу каржылануучу «Кыргыз Республикасы, Акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (АА/ТКК) - II Фаза – Түзүмдөр жана аспаптар (LEG_KGZ_2015_01)» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылуучу ЭВФдин АА/ТКК диагностикалык миссиясы болду. Миссиянын жыйынтыгы боюнча АА/ТКК чөйрөсүндө техникалык, кеңеш берүүчү, укуктук жана башка жардамдар бериле тургандыгы жөнүндө бир пикирге келишкендикке жетишишти.

2015-жылдын 15-июнунан 26-июнуна чейинки мезгилде Бишкек шаарында ААК/ТКК боюнча максаттуу трасттык фонд (МТФ) аркылуу каржылануучу «Кыргыз Республикасы, Акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (АА/ТКК) - II Фаза – Түзүмдөр жана аспаптар (LEG_KGZ_2015_01)» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылуучу ЭВФдин АА/ТКК диагностикалык миссиясы болду. ЭВФ тарабынан АА/ТКК чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды жакшыртууга техникалык көмөк көрсөтүү боюнча жана аны эл аралык стандарттарга жана ФАТФтын талаптарына шайкеш келтирүү боюнча, ошондой эле ФЧМКнын ишин уюштурууну жакшыртуу боюнча иштер башталды.

2015-жылдын 24-октябрынан 6-ноябрына чейинки мезгилде Бишкек шаарында ААК/ТКК боюнча максаттуу трасттык фонд (МТФ) аркылуу каржылануучу «Кыргыз Республикасы, Акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (АА/ТКК) - II Фаза – Түзүмдөр жана аспаптар (LEG_KGZ_2015_01)» долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылуучу ЭВФдин АА/ТКК диагностикалык миссиясы болду. ЭВФ тарабынан АА/ТКК чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды жакшыртууга техникалык көмөк көрсөтүү боюнча жана аны эл аралык стандарттарга жана ФАТФтын талаптарына шайкеш келтирүү боюнча, ошондой эле ФЧМКнын ишин уюштурууну жакшыртуу боюнча иштер улантылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдын 25-августундагы № 602/42/1 токтому менен бекитилген, 2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумду (ЭФСМ) ишке ашырууга карата иш-чаралар планынын 36-пунктун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ниеттери жөнүндө 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 17-4082 катына ылайык, 2012-жылдын 16-февралындагы ФАТФтын 40 сунуштамасынын талаптарына ылайык, ФЧМКда Кыргыз Республикасынын «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын жаңы долбоору иштелип чыкты.

Сунуштамаларды (эскертүүлөрдү жана сунуштарды) алуу максатында ушул мыйзам долбоору 2015-жылдын 14-декабрында Эл аралык Валюталык Фондго жиберилди.

Ошондой эле ФЧМКда «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана жогоруда аталган мыйзам долбоорлорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун долбоорлору иштелип чыкты.

БУУ БКБнын көмөгү менен ФЧМКнын кызматчылары төмөнкүлөргө катышты:

1) «Электрондук акчалар менен виртуалдык валюталар аркылуу жасалган кылмыштуу кирешелерди легализациялоо менен байланыштуу кылмыштарды таап чыгуу жана иликтөө» аттуу региондор аралык окуу семинарына (2015-жылдын 31-мартынан 1-апрелине чейин, Ашхабад шаары);

2) «Контролдоп жеткирип берүү» операциялар жагында региондук кызматташуунун өнүгүшүнө» жана тергөөчү топтордун биргелешкен ишине көмөк көрсөтүү» аттуу региондук семинарга (2015-жылдын 13- 17-апрели, Алматы шаары);

3) «Финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн улуттук укук коргоо органдарынын потенциалын өнүктүрүү жана күчөтүү жолу менен ийгиликтүү соттук куугунтуктоону жана башка бузууларды колдоо жана жекелик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» аттуу БУУ БКБ/ЕККУ/ЕАГдын региондук семинарына (2015-жылдын 13- 15-майы, Ташкент шаары);

4) Афганистандын, Кыргызстандын, Тажикстандын баңгизаттарга каршы ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусуна (2015-жылдын 25- 26-майы, Душанбе шаары);

5) «Париж Пактысынын демилгеси» долбоорунун эксперттик жумушчу тобунун жолугушуусуна (2015-жылдын 1 – 5-июну, Алматы шаары);

6) «Уюшулган кылмыштуулуктан кирешелерди таап чыгуу, арест кылуу, конфискациялоо жана кайтарып берүү максатында эл аралык кызматташуу (бейрасмий жана расмий) жагында тажрыйба алмашуу» аттуу БУУ БКБнын 3-Пленардык жыйынына (2015-жылдын 23-25-июну, Ереван шаары);

7) «Киберкылмыштуулук менен күрөшүү боюнча эл аралык жана региондук кызматташуу» аттуу БУУ БКБнын үчүнчү региондук семинарына (2015-жылдын 18-19-августу, Душанбе шаары);

8) Баңгизат бизнесинен кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү бөлүгүндө ФЧБ менен укук коргоо органдар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча ЕАГ/БУУ БКБ/ФМЭОМБ семинарына (2015-жылдын 2-4-сентябры, Москва шаары);

9) Афганистан жана БУУ БКБнын коңшу өлкөлөрү үчүн региондук программанын 2 подпрограммасынын алкагында «Акча которуу жана активди/баалуулуктарды которуу тейлөөлөрүн колдонуу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк» аттуу үчүнчү региондук семинарга, Батыш жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн он биринчи региондук жолугушуусуна (2015-жылдын 21-сентябрынан 24-сентябрына чейин, Ыссык-Көл облусунун Сары-Ой айылы);

10) Афганистан-Кыргызстан-Тажикстан демилгесине катышуучу өлкөлөр үчүн Афганистан жана БУУ БКБнын коңшу өлкөлөрү үчүн региондук программанын 2 подпрограммасынын алкагында «Накталай каражаттардын чабармандары» семинарына (2015-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин, Түркия Республикасы, Стамбул шаары).

в) Түркия Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кылмыштарды иликтөө боюнча кеңешинин (MASAK), көмөгү менен ФЧМКнын кызматчылары АА/ТКК чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну жакшыртуу жана тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык конференцияга катышышты (2015-жылдын 26-31-июлу, Анталия шаары).

г) Башка:

2015-жылдын 21-сентябрынан 25-сентябрына чейин жана 2015-жылдын 7-декабрынан 17-декабрына чейинки мезгилинде ФЧМКнын 2 кызматчысы Россия Федерациясынын Москва шаарындагы МИФИ УИЯИде маалыматтык коопсуздук жагында кошумча билим берүү программалары боюнча окуудан өтүштү. Маалыматтык коопсуздук жагында көндүмдөргө ээ болушту.

Мындан тышкары, ФЧМКнын кызматчылары «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик протоколу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча КР ТИМ уюштурган эки тренингге катышышты.

5. Мамлекеттик тил

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 151-б буйругун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын аткаруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын планы иштелип чыкты, анын негизинде ФЧМКнын кызматчылары үчүн мамлекеттик тилде кесиптик карым-катнаш, иш кагаздарын жүргүзүү жана ченемдик укуктук актылардын текстин кодификациялоо курстары уюштурулду.

Ошондой эле ФЧМКнын кызматчылары мамлекеттик тилдеги программалык продукттар жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Тестирлөө улуттук борбору тарабынан иштелип чыккан мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумуна ылайык электрондук почта аркылуу окуп үйрөнүү үчүн материалдар менен камсыздалышты.

Ушу тапта ФЧМКнын кызматчылары мамлекеттик тил боюнча курсту өтүшүүдө. Бул курс Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын адистери тарабынан өтүлүүдө.

6. 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын максаттарына жана милдеттерине жетүү боюнча ФЧМКнын төрагасынын иш-аракеттер/милдеттенмелер планына ылайык:

  • 2015-жылдын март айында Бишкек шаарындагы ЕККУ борборунун техникалык жардамы аркасында ФЧМК менен ФЧМКга маалымат берүүчү жактардын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары) ортосунда КА/ТКК чөйрөсүндө маалыматтарды жана документтерди алмашуу үчүн байланыштын корголгон электрондук каналын киргизүү максатында ViPNetCUSTOM программалык камсыздоо орнотулду.
  • КА/ТКК чөйрөсүндө КМШга катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен кызматташууну бекемдөө боюнча 2015-жылдын 15-майынан 16-майына чейинки мезгилде Бишкек шаарында ФЧМКнын төрагасы М.Т. Мамбетжановдун төрагалыгы астында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилер кеңешинин (мындан ары - КМШ ФЧБ ЖК) 5-жыйыны болуп өттү.
  • 2015-жылдын 17-августунан 21-августуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында ФЧМК/ФМЭОМБ/ЕККУ/Европа кеңешинин техникалык көмөк көрсөтүүсүнүн аркасында ЕАГга мүчө мамлекеттердин баалоочу эксперттери жана аналитик эксперттери үчүн Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун (ЕАГ) окутуу семинары өткөрүлдү.
  • 2016-жылы ЕАГдын алкагында өткөрүлүүчү КА/ТКК боюнча Кыргыз Республикасынын тутумун өз ара баалоонун жана терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоонун 2-раундуна даярдык көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен төмөнкү жумушчу топтор түзүлдү:
  • Терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоону жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасында 2015-жылдын февралында КЭУ өкүлдөрү менен жолугушуу болду, анын алкагында ФАТФтын 1 жана 8-сунуштамаларын жайылтуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Орнотулган ViPNet байланыштын коргологон электрондук каналы маалыматтарды жана документтерди алмашуунун тездигин, ошондой эле иш кагаздарын жүгүртүүнү уюштурууга кеткен финансылык каражаттарды үнөмдөөнү камсыздайт.

2015-жылдын 18-мартында ФЧМКда маалымат берүүчү жактардын жана Кыргыз Республикасынын 10 мамлекеттик органынын 29 өкүлү катышкан ViPNetCUSTOM программалык камсыздоосун орнотуу боюнча кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, 2015-жылдын 30-31-мартында төмөнкү жактарга жана мамлекеттик органдарга ViPNet программалык камсыздоону орнотуу жана тууралоо боюнча иштер жүргүзүлдү:

- 24 коммерциялык банкка;

- 3 микрофинансылык уюмга;

- 1 баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна;

- 4 көзөмөлдөө органына;

- 3 укук коргоо органына.

Ошону менен бирге, 2015-жылдын 30-31-мартында төмөнкүлөр үчүн ViPNet байланыштын коргологон электрондук каналын колдонуу боюнча окутуу жүргүзүлдү:

- маалымат берүүчү жактарга (28 адам);

- укук коргоо органдарынын кызматчыларына (3 адам);

- көзөмөлдөө органдарынын кызматчыларына (4 адам);

- ФЧМКнын кызматчыларына (13 адам).

Ошондой эле 2015-жылдын 16-20-мартында ФЧМКнын 2 кызматчысы ViPNet байланыштын коргологон электрондук каналын башкаруу боюнча окууну өтүштү.

КМШ ФЧБ ЖКнын 5-жыйынына Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруучу комитетинин өкүлү жана «ФМЭОМБ» өз алдынча илимий уюмунун өкүлдөрү катышышты.

Бул семинарга 9 ЕАГга мүчө мамлекеттин өкүлдөрү катышты жана 33 баалоочу экспертти, анын ичинде Кыргыз Республикасынан 9 баалоочу экспертти даярдоо жүзөгө ашырылды.

Бул эксперттер, ЕАГга мүчө мамлекеттердин КА/ТКК улуттук тутумунун ФАТФтын сунуштамаларында каралган КА/ТКК чөйрөсүндө эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүн өз ара баалоонун 2-раундуна катышышат.

1) Техникалык шайкештигин баалоо боюнча жумушчу топ;

2) Натыйжалуулугун баалоо боюнча жумушчу топ;

3) Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топ.

Ушул жумушчу топтордун курамына КА/ТКК боюнча Кыргыз Республикасынын тутумун өз ара баалоонун жана терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоонун 2-раундуна даярдык көрүү маселелери боюнча үстүбүздөгү жылдын 24-августунан 26-августуна чейинки мезгилде окуудан өтүшкөн мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун өкүлдөрү киришти.

2015-жылдын 15-декабрынан 17-декабрына чейин техникалык шайкештигин жана тобокелдиктерди баалоо боюнча жумушчу топтордун мүчөлөрү үчүн баштапкы семинар өткөрүлдү. Ушу тапта бул жумушчу топтордун мүчөлөрү тийиштүү иштерди аткарууда.

Үчүнчү натыйжалуулукту баалоо боюнча жумушчу топтун иши 2016-жылдын 1-кварталына пландаштырылган.

2015-жылдын 24-августунан 26-августуна чейин Бишкек шаарында, ЕАГдын алкагында, 21 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматчылары, жеке сектордун (бизнес-биримдик жана КЭУ) 23 өкүлү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 16 жетекчиси катышкан КА/ТКК боюнча Кыргыз Республикасынын тутумун өз ара баалоонун 2-раундуна даярдык көрүү боюнча семинар өткөрүлдү.

Төмөнкүлөр бул семинардын негизги милдеттери болду:

1) Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарын жана жеке секторлорду өз ара баалоо процесси менен тааныштыруу;

2) Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн өз ара баалоо процессин түшүнүүсүнө жетишүү (маалыматты берүү, суроолорго жооп берүү ж.б. боюнча талаптар);

3) Өз ара баалоо процессине катышкан Кыргыз Республикасынын командасын түзүүгө жана натыйжалуу ишине жардам берүү;

4) Өз ара баалоого чейин жана анын жүрүшүндө ЕАГ Катчылыгы менен натыйжалуу иш байланышын түзүү.

Бул семинар Бишкек шаарындагы ЕККУ борборунун техникалык жардамы аркасында ЕАГ Катчылыгы менен ФЧМК тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

Жолугушуунун натыйжасында терроризмди каржылоо тобокелдиктерин улуттук баалоону жүргүзүүдө катышуу үчүн КЭУ өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүү жөнүндө сүйлөшүп бир пикирге келишкендикке жетишишти.

Жеке сектордун (бизнес-бирикме жана КЭУ) 23 өкүлү 2015-жылдын 24-августунан 26-августуна чейин Бишкек шаарында өткөрүлгөн КА/ТКК боюнча Кыргыз Республикасынын тутумун өз ара баалоонун 2-раундуна даярдык көрүү боюнча семинарга катышышты.

КЭУ жана бизнес-бирикмелердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен терроризмди каржылоо тобокелдиктерине улуттук баалоону жүргүзүү боюнча, ФЧМКда укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын компетенттүү кызматчыларын анын курамына киргизүү менен жумушчу топ түзүлдү.

2015-жылдын 25-сентябрында терроризмди каржылоо тобокелдиктерине улуттук баалоо боюнча статистикалык маалыматтарды изилдөө жана топтоо модулдарын макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын УКМК АТБнын жана УКМКнын башка тилкелик башкармалыктарынын эксперттери менен жолугушуу өткөрүлдү.

ФЧМКда терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчёт даярдалды.

Терроризмди каржылоо тобокелдиктерин улуттук баалоонун жыйынтыктары боюнча Терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча КЭУ сектору жана бизнес-биримдиги менен кызматташуу программасы иштелип чыкты.

Мындан тышкары, ЕАГдын алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн 2015-жылдын ноябрында ФЧМКда терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык стандарттарды имплементациялоо боюнча ФАТФтын суроолор тизмегине жооп жана түшүндүрмөлөр даярдалып ЕАГ Катчылыгына жиберилгендигин белгилей кетүүбүз зарыл. (5 жана 6-сун