Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүндө төмөнкү Тизмектердин жаңыланган редакциялары жайгаштырылган (2015-жылдын 11- декабрындагы абал боюнча).
1) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмеги;
2) Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмеги;
3) Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмеги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын 2015-жылдын 11 - декабрындагы № 93/Ө буйругуна ылайык, жогоруда аталган Тизмектерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Маалымат берүүчү жактар жана акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жеке жана юридикалык жактар дароо:
1) Ушул сайттын «Тизмектер» бөлүмүнөн төмөнкү Тизмектердин жаңыланган редакцияларын жүктөп алуусу;
- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын улуттук тизмегин;
- Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жеке жана юридикалык жактардын эл аралык тизмегин;
- Террористтик жана/же экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жактардын тизмегин.
2) өздөрүнүн маалыматтар базасын жогоруда аталган Тизмектер менен жаңылантуусу (2015-жылдын 11 - декабрындагы абал боюнча);
3) тейленип жаткан бардык кардарларды жана алардын контрагенттерин жана бенефициардык менчик ээлерин (бар болсо) ФЧМКнын 2015-жылдын 11- декабрындагы № 93/Ө буйругунда аталган жактардын арасында бар же жок экендигин кайра текшерип чыгуусу зарыл.