Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

​2-февралда Бишкекте «Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) секторунда терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоо» аттуу темадагы жыйынтыктоочу «тегерек стол» өткөрүлдү

06-02-2017

2-февралда Бишкекте «Кыргызстандын коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) секторунда терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоо» аттуу темадагы жыйынтыктоочу «тегерек стол» өткөрүлдү.

Иш-чара ФАТФтын сунуштамаларына ылайык өткөрүлүүчү кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерине улуттук баалоону жүргүзүүнүн алкагында, «Сорос-Кыргызстан» фонду менен Коммерциялык эмес укуктун европалык борборунун техникалык колдоосу менен «Жарандык катышуу» коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө «тегерек столдун» катышуучуларына КЭУ секторунда терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча топчонун отчету берилди. ФЧМКнын адистери да Кыргыз Республикасынын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү улуттук системасына жүргүзүлгөн техникалык шайкештигин, натыйжалуулугун баалоолор тууралуу маалымат беришти, Кыргыз Республикасынын өз ара баалоонун экинчи раундуна даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу айтып беришти.

Коммерциялык эмес сектордун тобокелдиктерин баалоо презентациясы ФАТФтын аныктамасына туура келген жана Кыргыз Республикасы үчүн терроризмди каржылоонун аярлуу зонасы болгон коммерциялык эмес уюмдардын түрлөрүн аныктоону өз ичине камтыды, ошондой эле КЭУ аркылуу терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча сунушталган чараларды талдоо жүргүзүлдү.

«Тегерек столдун» ишине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 29-декабрындагы № 619 буйругу менен бекитилген тобокелдиктерди баалоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, эл аралык жана көз карандысыз эксперттер катышты.

Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча «тегерек столдун» катышуучулары КЭУ секторундагы тобокелдиктерди баалоо боюнча биргелешкен иштерди активдештирүү керектиги жөнүндөгүдөй эле, Кыргыз Республикасынын акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоо боюнча да бир ойго келишти, мындан тышкары, КЭУ сектору жана жарандык коом үчүн биргелешкен маалыматтык кампанияларды өткөрүү маанилүү экендигин баса белгилешти.