Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү

08-12-2015

08.12.2015-ж. ФЧМК, Бишкек

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө туш келген эмгек жамаатынын кеңешмеси болду.

Кеңешменин күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилген:

• үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде Коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө отчёт жана 2016-жылга ФЧМКнын коррупцияга каршы иш-чаралар планын талкуулоо;

• Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат.

Кеңешменин жүрүшүндө ошондой эле ведомствонун кызматчылары үчүн иштелип чыккан ички Бюллетень-эстеткич - «Таламдардын кагылышуу кырдаалы» көрсөтүлдү жана талкууланды.

ФЧМКнын басма сөз кызматы