Кызматташуу жөнүндө макулдашуу
02.12.2015-жыл, Бишкек шаары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Жетишилген макулдашуунун максаты жана милдеттери - билим берүү жана
илимий-изилдөө ишинде эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө маалыматтык алмашууну жүзөгө ашыруу.
Кол коюлган Макулдашууну төмөнкүдөй багыттар боюнча ишке ашыруу:
- өз ара кызыкчылыкты туудурган темалар боюнча биргелешкен конференцияларды, меймандык лекцияларды, тегерек столдорду, семинарларды өткөрүү;
- КРПМБАнын базасында ФЧМКнын кызматчылары үчүн тренингдерди жана квалификациясын жогорулатуучу курстарды өткөрүү;
- өз ара кызыкчылыктарды жараткан тематика боюнча биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жана долбоорлорду ж.б. өткөрүү.
Макулдашууга кол коюшту: Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы жана Насыров Алмаз Турусбекович - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору.
ФЧМКнын басма сөз кызматы